Нарын районунун баш имам-хатиби Нарын шаарындагы № 93546  аскер бөлүгүндө лекция өттү

Нарын районунун баш имам-хатиби Кумарбек Орозалиев Нарын  шаарындагы №93546 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн катардагы жоокерлерге  жолугуп «Салттуу Ислам дини жана экстремизм, терроризм» деген темада лекция өттү.

Лекция учурунда баш имам-хатиб экстремизм жана терроризм тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Жыйындын соңунда жоокерлер өздөрүнүн кызыктырган суроолорун беришип, жооп алышты.

Аталган аскер бөлүктүн командири Н. Кошкоев мындан ары дагы дин кызматкерлири менен тыгыз кызматташуу мерчемделди.