Муфтият битир-садакадан “Арди” реабилитациялык борборуна 40 миң сомдук азык-түлүк тапшырды

Бүгүн, 4-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын чарбачылык жана курулуш иштери боюнча  бөлүмүнүн башчысы Алимбай Эргешов Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Арди” реабилитациялык борборуна 40 миң сомдук азык-түлүк тапшырды.

Аталган борбордун жетекчиси улуу Рамазан айынан чогултулган битир-садакадан жардам сурап, арыз менен кайрылышкан.

Мунун негизинде Алимбай Эргешов борборго барып, балдардын ал абалы менен жакындан таанышкан соң 40 миң сомдук күнүмдүк турмушка керектелүүчү тамак-аш азыктарын тапшырды.

“АРДИ” реабилитациялык борборунун координатору Роза Сейдалиева Муфтият 4 жылдан бери жардам көрсөтүп келгенин айтып, ыраазычылыгын билдирди.

“Учурда бул борбордо 20га жакын бала тарбияланат. Мында көбүнчө эпилепсия менен жабыркаган балдарды кабыл алабыз. Алар менен логопед, дефектолог жана башка адистер алектенишет. Балдар ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен, алар өзгөчө камкордукка муктаж. Андыктан жардамга кол сунуп, көмөк көрсөткөн Муфтиятка ыраазычылыгыбызды айткыбыз келет”,-деди Сейдалиева.