Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын жетекчилери менен жолугушту

Бүгүн, 5-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарында облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков менен биргеликте, Чолпон-Ата шаарынын мэри Талант Кыдыргазиев жана Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар билим берүүнүн зарылчылыгы, жаштарыбызга туура таалим-тарбия боюнча биргеликте кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мындан тышкары Абибилла ажы Кадырбердиев Ысык-Көл, Тоң райондорунун, ошондой эле Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын имамдарына  жолугуп, намаз календары, намаз убакыттарын аныктоо туурасында кызыктуу сабак өтүп, мусулмандын асыл сыпаттары, элди ынтымакка, биримдикке жана жоопкерчиликке чакыруу туурасында баяндамасын жасады.