Орусиядан келген туристтер Жети-Өгүз райондук хатибиятына зыярат кылышты

Россия Федерациясынан Ысык-Көлгө келген туристтер Жети-Өгүз районуна зыярат кылышып, ислам дини жана кыргыз элинин маданиятына кызыгышты. Бул туурасында райондук баш имам хатиб Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Анын айтымында, туристтер дин кызматкерлери менен жолугушууда ислам дининин асыл сапаттары, кыргыз элинин улуттук маданияты, каада-салты боюнча кызыгышып, сурашкан.

“Көл аймагына келген эс алуучулар менен болгон жолугушууда ислам динибиздин жана улутубуздун баалуулугу боюнча кеп болду. Аларга кыргыздын улуттук боз үйүн, каада-салт, үрп-адатыбызды, мусулмандардын асыл сыпаттары туурасында кеңири баяндамабызды жасадык»,-деди Талантбек Акылбек уулу

Эскерте кетсек, жайдын келиши менен Жети-Өгүз районундагы бардык мечиттер тазаланып, келген эс алуучу, зыяратчыларга кызмат көрсөтүү жакшырган.