Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Григорьевка айылындагы аскер бөлүмүндөгү жоокерлерге экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Бүгүн, 5-июлда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Григорьевка айылындагы Ысык-Көл райондук абадан коргонуу аскер бөлүмүнүн жоокерлери менен жолугушуп, экстремизм, терроризм жана алардын коомчулукка, элге тийгизген терс таасири туурасында түшүндүрүү ишин жүргүздү.

Жолугушуу аскер  бөлүмүнүн   жыйындар залында болуп, анда жоокерлерге бүгүнкү күндөгү диний кырдаал, элди-жерди коргоо, тынчтыкты сактоо боюнча баяндама жасалды.

Ал эми жоокерлер имамга шарият маселелери боюнча ар кандай суроолорун узатышып, жооп алышты.