Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы дүйнө салгандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,

Энеңиз Абылгазиева Жеңилдик апанын  дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын.  Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Себеби, бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыз, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалабыз күч-кубат берсин. Жаратканыбыз кыргыз элине кылып жаткан ак мээнетиңизге жардамын берүүсүн жана маркум апаңызды Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан  тилеймин.

Бүткүл мусулмандардын атынан Сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

 

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев