Нарын казыяты облустун имамдарына жайлоо семинарын өткөрдү

5-6-7-июль күндөрү Нарын облустук мусулмандар казыяты Ат-Башы районунун Чар жайлоосунда облустун имамдарына жайлоо семинарын өткөрдү.

“Жайлоо семинарынын башкы максаты имамдардын тажрыйбасын бекемдөө жана бири-бири менен болгон алакаларды жакшыртуу”,-деди облус казысы Мамбетасан ажы Ибраев.

Семинарга Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов, Жакшылык ажы Борочоров жана  Кыргызстан Мусулмандарынын  Дин Башкармасынын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Чолпонбек Насирдинов, МУККнын Нарын облусундагы башкармалыгынын бөлүм башчысы Оморов Азамат катышты.

Дин кызматкерлерге уюштурулган семинардын акыркы күнү спорттук иш-чара уюштурулуп, жыйынтыгында  баалуу байгелер жана кубоктор тапшырылды.

“Спорттун футбол, волейбол оюндары уюштурулуп, жалпысынан алты команда ат алышты. Оюн абдан кызуу өтүп, жыйынтыгында футбол оюну боюнча Нарын казыяты 1-орун, Ат-Башы району 2-орунду алса 3-орунду Нарын районунун имамдары багындырды. Ал эми волейбол оюнунда 1-орун Ат-Башы району, Нарын казыяты 2-орун, 3 орунга Нарын районунун имамдары татыктуу болду. Муну менен катар бул күнү мыкты коргоочу, мыкты чабуулчу жана мыкты дарбазачы наамдары ыйгарылды”,-деди казыяттын маалымат кызматынан.