Ысык-Ата районунда акимиат кызматкерлери менен райондук имамдарга экстремизм жана терроризмдиндин зыяны тууралуу лекция окулду

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын акимиатынын жыйындар залында райондук хатибият  жана РИИБдин 10 бөлүмү тарабынан экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча  баяндамалар жасалды.

Лекцияда экстремизм жана терроризмдин зыяны тууралуу сөздөр айтылып, ага райондук имамдар жана акимиат кызматкерлери катышты.

«Лекция жалпысынан бир сааттан ашуун болду. Ага укук коргоо органдары жана РИИБДин 10 бөлүмүнүн кызматкери Денис Пышкин катышты. Мындай лекция жана чогулуштар хатибияттын жылдык иш планында бекитилип, Чүй казыятынын көзөмөлү менен болуп турмакчы»,-деди Кант шаарынын баш имам хатиби Пазыл ажы Абдурахманов.