Узеналиев Сулумбек Дилдебекович 1977-жылдын 29-майында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылында жарык дүйнөгө келген.
БИЛИМИ:
1983-1994-жылдары Талас облусунун Кызыл-Октябрь айылындагы орто мектепти аяктаган.
1994-1998-жылдары Талас облусундагы «Али ибн Абу Толиб» медресесин бүтүргөн.
1998-2000-жылдары Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» Ислам институтунун шарият факультетин ийгиликтүү аяктап, 2004-жылга чейин Горган шаарында билимин жогорулаткан.
2012-2014-жылдары Бишкек Гуманитардык университетинин Чыгыш таануу факультетинде магистр.
2019-жылдан тарта И. Арабаев атындагы КМУде аспирант.
ЭМГЕК ЖОЛУ:
2004-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Ислам Университетинде мугалим.
2021-жылдын 26-июнунда өткөн Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайында Аалымдар Кеңешинин мүчөсү болуп бекитилген.
2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин имамдык кызматты аркалап келет
Үй-бүлөлү, эки уул, бир кыздын атасы.