Бакай-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында Зунурайн атындагы заманбап мечит колдонууга берилди

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында Зунурайн атындагы заманбап мечит колдонууга берилди. Мечит «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, анын ачылыш салтанатына Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков, жергиликтүү ведомство жетекчилери, айыл тургундары жана …

Дальше »

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби аймактагы имамдарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Орто-Өрүктү айылында жалпы имамдар менен жолугушуп, мечиттерди каттоодон өткөрүү, жаштар менен иш алып баруу, ата-энелерге түшүндүрүү жана агартуу иштерин жүргүзүү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташуу боюнча бир …

Дальше »

Караколдогу мектеп окуучуларына «Диний экстремизм жана терроризмдин коомго коркунуч жаратуусу» темасындагы жолугушуулар башталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы N°203 «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу» Жарлыгынын негизинде Каракол шаарынын жогорку класстагы мектеп окуучулары менен «Диний экстремизм жана терроризмдин коомго коркунуч жаратуусу» темасындагы жолугушуулар башталды. …

Дальше »

Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүнүн жоокерлерине «Мекенди сүйүү ыймандан» деген аталышта атайын лекция окулду

Бүгүн, 23-октябрь күнү Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын №703 аскер бөлүгүнүн жоокерлерине  «Мекенди сүйүү ыймандан» деген аталышта атайын лекция окулду. №703 аскер бөлүгүнүн жоокерлери менен болгон жолугушууда  Мирлан ажы Токтомушов ата-энеге болгон …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарында курулуп жаткан «Ыйман» комплекси жаз айында ишке берилет

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында курулуп жаткан  «Ыйман» комплексинин курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Бул туурасында Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов билдирди. Маалыматка ылайык бүгүн, 22-октябрь күнү  Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби шаардагы бардык …

Дальше »

Ош шаарынын мусулмандар казысы Ош мамлекеттик университетинин студенттерин терс диний агымдардан оолак болууга чакырды

Бүгүн, 22-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош мамлекеттик университетинин бизнес, менеджмент жана юридикалык факультеттеринин студенттери менен жолугушуп, ата-энеге болгон мамиле, адеп-ахлак, улууларды урматтоо жана биримдик жөнүндө баяндамасын жасап, күнүмдүк жашоодо адептүү жана …

Дальше »

Кара-Кулжада райондук хатибияттар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Кечээ, 21-октябрда Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылындагы “Касымалы Жантөшев» атындагы орто мектебинин спорттук залында Ош облусунун аймагындагы райондук хатибияттар арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Иш чара “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында Ош облусунун мусулмандар казыяты жана …

Дальше »

Каракол шаарындагы мугалимдерге терс диний агымдар жана тарбиянын мааниси боюнча маалымат берилди

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков МУКК, ШИИБ кызматкерлери менен биргеликте шаардык билим берүү бөлүмүндө мектеп мугалимдери, тарбиячылары менен жолугушуп, экстремизм, терроризм, талап тоноочулук, өзүн-өзү өлтүрүү, ата-энеге болгон сый урмат темаларынын алкагында пикир …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов бүгүн, 20-октябрда Сулайман-Тоо мечитинде Ош шаарынын тургундары менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов бүгүн, 20-октябрда Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинде шаар тургундары менен жолугушуп, «Гыйбат жана доомат» темасында баяндамасын жасап берди. Жолугушуу учурунда Чубак ажы Жалилов шаар тургундарын ынтымактуу, биримдиктүү болууга …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, алардын ал жайынан кабар алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Египет мамлекетинин Аль Азхар университетинде билим алып жаткан студенттер менен жолугушуп, алардын ал жайынан кабар алды. Студенттер менен болгон жолугушуу учурунда Азирети Муфтий мекендештерибизди жакшы билимге ээ болуу …

Дальше »

Москва шаарында өтүп жаткан XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышууда

Москва шаарында өтүп жаткан XIX Эл аралык Куран жарышына Кыргызстандан Жалил уулу Шергазы катышууда. Учурда 30дан ашуун мамлекеттен келишкен каарылар ыйык Куранды жатка билүү боюнча ат салышып, жеңүүчүлөр «Хафиз» наамына ээ болушмакчы. Ал эми XIX …

Дальше »

Ош шаардык казыяты Козу кызы Бурмакан кыздар медресесин жеринде текшеришти

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдилла ажы Сарыбаевдин буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия курамы бүгүн, 18-октябрда Козу кызы Бурмакан кыздар медресесин жеринде текшеришти. Текшерүү иш чарасына Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, шаар казысынын орун басары Анасхан …

Дальше »