Талас облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан 2024-жылдагы жыйналган фитир-садакаларды муктаждарга, жетим-жесирлерге, майыптар үйүнө жана ошондой эле чет өлкөлөргө оор операцияларга кетип жаткан жарандарга таратып берилди. Тактап айтканда, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, «Жаркын-Келечек» майып балдар үйүнө, Индия, Түркия өлкөлөрүнө оор операцияга кетип …
Талас облустук мусулмандарынын казыятында 2024-жылы ажылык сапарга аттанып жаткан болочок ажыларга кезектеги сабак уюштурулду. Сабакты Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу жана казыяттын үгүт-насаат адиси Замир ажы Кадыралиевдер өтүштү. …
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун 1 айлык ишембилик өткөрүү жөнүндөгү тапшырмасына ылайык, Талас облусунда жалпы диний мекемелер жана мечиттерде ишембилик уюштурулду. Ишембиликке Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят кызматкерлери, мечит имамдары жана жалпы мечит жамааты …
Узап бараткан орозо айынын соңку күндөрүндө Талас облусунун мусулмандарынын казыятында 100 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасы Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын демилгеси жана жеке ишкер Нуржан Атакановдун колдоосу менен уюштурулду. Облус казысы Сулумбек ажы …
Бакай-Ата районунда 50 муктаж үй-бүлөгө Рамазандын акыркы он күндүгүндө азык-түлүк баштыгы берилди. Кайрымдуулук иш-чарасы райондун баш имам-хатиби Марат Джусупбековдун демилгеси жана кайрымдуу инсандардын колдоосу менен уюштурулду. Райондун баш имам-хатиби өз сөзүндө, «Рамазан айы кайрымдуулуктун айы. …