Ош шаарындагы Бобур драма театрында «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китептин бет ачаар аземи болуп өттү

Ош шаарындагы Бобур атындагы драма театрында Ош мамлекеттик университетинин теология факультети тарабынан уюштурулган «Хадистердин негизинде Ислам»  аттуу 7 томдук китептин бет ачаар аземи болуп өттү. Иш чарага Ош шаарынын вице-мэри, Түркиянын Диянет фондунун башкаруу кеңешинин …

Дальше »

Ошто ажылык сапарга аттанган зыяратчыларды окутуу иштери жүргүзүлүп, Ажылык китептери таратылды

Бүгүн, 13-июлда Ноокат районунун борбордук мечитинде ажылык сапарга аттанган зыяратчыларды окутуунун экинчи айлампасы уюштурулуп, иш-чаранын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков которгон “Ажылык рух азыгы” аттуу китеби зыяратчыларга тапшырылды. Буга чейин ажылык …

Дальше »

Чоң-Алай районундагы жардамга муктаждарга садака-фитирдин эсебинен 77854 сом таратылды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жардамга муктаж жарандарга садака-фитирдин эсебинен 77854 сом таратылды. Бул боюнча Чоң-Алай районунун башкы имам-хатибинин орун басары Апызбек Саитов билдирди. Анын айтымында 2018-жылы Чон-Алай районуна караштуу жалпы мечиттерден чогултулган садака-фитир райондук хатибият …

Дальше »

Талас районундагы 30 имам 3 күндүк окуудан өтүшүп, казыяттын сертификатына ээ болушту

Талас облусунун мусулмандар казыяты Талас районундагы имамдардын билимин жогорулатып, алардын эл менен болгон мамилесин, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөгү тажрыйбасын жогорулатуу максатында «Ийгиликтүү имам» аталышында 3 күндүк окуу курсун уюштурушуп, ага райондун 30 имамы катышты. Окуу курсу …

Дальше »

Бишкек шаарындагы имам Сарахсий атындагы республикалык борбордук мечитти иштетүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду

Бүгүн, 12-июлда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия мамлекетинин Диянет иштери боюнча Башкармалыгынын башчысы доктор  Али Эрбаш менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу, биргеликте иш алып баруу, тажрыйба алмашуу жана дин башкармалыктар арасындагы …

Дальше »

Муфтият Бишкек шаарындагы карылар үйүнө 2018-жылдагы садака-битирден 50 миң сомдук жардам көрсөттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Бишкек шаардык улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинде күн кечирип келген карыларга 2018-жылдагы садака-битирден 50 миң сомдук жардам көрсөттү. Карылар үйүнүн жетекчиси Эркингүл Абдылдаеванын айтымында учурда …

Дальше »

Аравандагы “Имам Аль-Бухарий” медресесинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

Бүгүн, 10-июлда Араван районундагы “Имам Аль-Бухарий” атындагы медресесинин алгачкы 32 бүтүрүүчүсүнө дипломдор тапшырылды. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Араван …

Дальше »

Чолпон-Ата шаарында имамдар үчүн «Кургак учукту бирге жеңебиз» аталышындагы 2 күндүк тренинг өттү

Эл арасындагы кургак учук менен ооругандарды кодулоо жана басмырлоону азайтуу максатында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы республикалык кургак учукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте имамдар үчүн «Кургак учукту бирге жеңебиз» аталышында 2 күндүк тренинг өткөрдү. Тренинг …

Дальше »

Кара-Суу районунда заманбап үлгүдө курулган комплекстүү медресе ишке берилди

Кечээ, 9-июнь күнү Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө “Абу Ханифа ан-Нуъман ибн Сабит ал-Куфи” атындагы балдар медресесинин ачылуу аземи болуп өттү. Ачылыш аземге Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Сүлүктү шаарындагы имамдарга жыйын өткөрдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү  Ниязали ажы Арипов жана Абдуманап ажы Масалиев  Сүлүктү шаарындагы “Нур Вали” атынадыгы борбордук мечиттинде шаардагы   имамдарга жыйын өткөрүшүп, анын алкагында  коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, элди ынтымак, биримдикке үндөө, тарбия, …

Дальше »

Ош шаардык казыяты 6 айда аткарылган иштер боюнча отчеттук жыйын өткөрдү

Бүгүн, 9-июлда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу Сулайман-Тоо мечитинин жыйындар залында шаардагы жалпы имамдардын 6 айда аткарган иштери  боюнча отчеттук жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын казысы Убайдила ажы Сарыбаев, казыяттын иш башкармалыгы, Чыгыш-Батыш хатибиятынын баш …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Баткен облусунун казысы менен жолугушуп, аймактагы диний абалды талкуулашты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов  менен жолугушуп, аймактагы диний кырдалды талкуулашты. Жолугушуу алкагында Ниязали ажы Арипов Пазыл ажы Султанмуратовду кайрадан Баткен облусунун мусулмандарынын казысы  кызматтына  …

Дальше »