Ош облусунун мусулмандар казысы Араван районундук хатибяттын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Араван районуна жасаган иш сапарынын алкагында районундук хатибяттын  ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш-чарага Ош облустук казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов жана …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Аравандагы мечит имамдарына жыйын өтүп, алардын суроолоруна жооп берди

Ош облусунун Араван райондук хатибиятында мечит имамдарына жыйын өтүп, КМДБ тарабынан бекитилген буйруктарга бекем болуу, жума темаларынын негизинде баян кылуу, каттоодон өтө элек мечиттерди мыйзамдаштыруу, жоопкерчилик жана бирдиктүү системада иш алып баруу маселеси каралды. Иш-чарага …

Дальше »

Сайдамир ажы Жейналиев: Пенденин ыйманы таза болбойт, жүрөгү түз болмоюнча. Жүрөгү түз болбойт, тили жакшы сөз сүйлөмөйүнчө

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Араван районунун борбордук мечитинде район тургундары менен жолугуп, ата-энени урматтоого, кошунага жакшы мамиле кылууга, текеберликтен алыс болууга жана Ислам ибадаттарын толук аткарууга чакырды. Иш-чарага Ош облустук казысынын орун басары …

Дальше »

Кара-Суунун Нур- Ислам мечитинде курман айт майрамы белгиленди

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айылынын жаштары курман айт майрамына карата жаш балдарга оюн-зоок мелдештерин уюштурушуп, аларга жагымдуу маанай тартуулашты. Ошондой эле бир уй, бир кой курмандык чалышып, азык-түлүк баштыкчаларын муктаждарга …

Дальше »

«Апиза эне» атындагы Ислам институту 2021-2022- окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу борбордук мечиттин жанында жайгашкан «Апиза эне» атындагы Ислам институту 2021-2022- окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт. Кабыл алуу 2- августтан 25-августга чейин улантылат. Институтта Куран жаттоо бөлүмү, медресени бүткөндөр үчүн …

Дальше »

Ош облусунда имамдарды окутуу уланууда

Ош облустук мусулмандар казыятында Кара-Суу райондук мечит имамдарынын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу семинарлары уюштурулууда. Имамдарга салттуу ислам түшүнүгү, Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасына таандык китептерден сабак берилүүдө. Семинарда Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев Ханафий мазхабы боюнча Курмандыктын өкүмдөрү жөнүндө маалымат берди

Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев  Кара-Суу районунун борбордук мечитинде Ханафий мазхабы боюнча Курмандыктын өкүмдөрү жөнүндө  маалымат берди. Курмандык чалуунун биринчи жана акыркы убактысы : Курмандык чалуунун биринчи убактысы, курман айттын биринчи күнү эгер шаарда …

Дальше »

Араванда Курман айт майрамына карата жаш жеткинчектер арасында Куран жарышы болуп өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүндөгү «Чертик» мечитинде мечит имамы Орунбай ажы Мамадалиевдин демилгеси менен Курман айт майрамына карата өспүрүм балдар жана кыздар арасында 1 пара Куранды тажвид эрежелери менен жатка айтуу боюнча …

Дальше »

Кара-Кулжа районунун тургундары элибиздин амандыгын тилеп түлөө өткөрүштү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу алыскы «Ой-Тал», «Алайкуу», «Кызыл-Жар» жана «Капчыгай» айыл өкмөттөрүнүн тургундары чогулуп, Жараткандан элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коронавирус илдетинен арылууну тилеп, бата кылышты. Түлөөгө 4 кой союлуп, эти келген конокторго тартылды. …

Дальше »

Араван районунда айт намазы окулуучу мечит имамдарына жыйын болуп, санитардык нормаларды сактоо маселеси каралды

Ош облусуна караштуу Араван райондук хатибиятында айт намазы окулуучу мечит имамдарына жыйын болуп, курман айт майрамын өткөрүү тартиптери, эрежелери жана санитардык номарларды сактоо маселеси каралды.  Иш-чарага Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, райондун жооптуу врачы …

Дальше »

Ноокат районунда мечит имамдарына жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун борбордук мечитинде мечит имамдарына жыйын болуп, Курман айт намазын өз убагында окуу, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо, муфтияттын №5 токтомунун негизинде иш алып баруу, мечиттер менен диний окуу жайлардын жер аянтынын менчик ээлерин аныктоо …

Дальше »

Ноокат районунда 100 жетим балага сый-тамак уюштурулуп, акчалай жана кубандыруучу белектер берилди

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу «Бек-Сарай» кафесинде Ноокат районунун башкы имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаевдин катышуусунда 100 жетим балага сый-тамак уюштурулуп, акчалай жана кубандыруучу белектер берилди. Демилге кайрымдуу инсандар тарабынан каржыланып, жүзөгө ашырылды. «Пайгамбарыбыз (САВ) бир хадисинде көрсөткүч …

Дальше »