Ош шаарында 41 бодо мал курмандыкка чалынды

Бүгүн, 20-июль күнү Ош шаарында «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан 41 бодо мал курмандыкка чалынды. Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, …

Дальше »

Жалал-Абад шаарында Курман айт майрамы белгиленди

Бүгүн, 20-июлда Жалал-Абад шаарында Курман айтка карата Адеп Башаты коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулган «Раббиң үчүн намаз  окуган жана курмандык чалгын» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда 28 баш кара мал жана сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) урматына …

Дальше »

Талас шаарынын борбордук мечитинде айт намазы окулду

Бүгүн, 20-июлда Талас шаарынын борбордук «Ал Ал Байт» мечитинде санитардык талапты сактоо менен Курман айт намазы окулду. Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек ажы элди ынтымак биримдикке, тазалыкка жана азыркы кырдаалга карата санитардык талаптарын сактап элди …

Дальше »

Баткенде айт намазы мечиттерде окулду

Курман айт намазы Баткен шаарында борбордук «Нуьмани» жана жума намазы окулуучу мечиттерде окулду. Намаз башталаар алдында Баткен облусунун мусулмандар казысынын куттуктоосу жана баяндамалары айтылды. Ошондой эле айт намазга келгендерди Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин Курман айт майрамына карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер! Сиздерди берекелүү Курман айт майрамы менен куттуктайм. Баарыңыздар майрамды шаан-шөкөт менен тосуп, көңүлдүү өткөрүү насип кылсын. Ушундай берекелүү күндөрдө бир туугандар ортосундагы ынтымакты бекемдөө жана араздашкандарды элдештирүү керек. Ошондой эле бири-бирибизди кечиришип, майрамдык маанай …

Дальше »

Араванда Курман айт майрамына карата жаш жеткинчектер арасында Куран жарышы болуп өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл өкмөтүндөгү «Чертик» мечитинде мечит имамы Орунбай ажы Мамадалиевдин демилгеси менен Курман айт майрамына карата өспүрүм балдар жана кыздар арасында 1 пара Куранды тажвид эрежелери менен жатка айтуу боюнча …

Дальше »

Кара-Кулжа районунун тургундары элибиздин амандыгын тилеп түлөө өткөрүштү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу алыскы «Ой-Тал», «Алайкуу», «Кызыл-Жар» жана «Капчыгай» айыл өкмөттөрүнүн тургундары чогулуп, Жараткандан элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана коронавирус илдетинен арылууну тилеп, бата кылышты. Түлөөгө 4 кой союлуп, эти келген конокторго тартылды. …

Дальше »

Араван районунда айт намазы окулуучу мечит имамдарына жыйын болуп, санитардык нормаларды сактоо маселеси каралды

Ош облусуна караштуу Араван райондук хатибиятында айт намазы окулуучу мечит имамдарына жыйын болуп, курман айт майрамын өткөрүү тартиптери, эрежелери жана санитардык номарларды сактоо маселеси каралды.  Иш-чарага Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов, райондун жооптуу врачы …

Дальше »

Ноокат районунда мечит имамдарына жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун борбордук мечитинде мечит имамдарына жыйын болуп, Курман айт намазын өз убагында окуу, мечиттерде санитардык талаптарды сактоо, муфтияттын №5 токтомунун негизинде иш алып баруу, мечиттер менен диний окуу жайлардын жер аянтынын менчик ээлерин аныктоо …

Дальше »

Ноокат районунда 100 жетим балага сый-тамак уюштурулуп, акчалай жана кубандыруучу белектер берилди

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу «Бек-Сарай» кафесинде Ноокат районунун башкы имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаевдин катышуусунда 100 жетим балага сый-тамак уюштурулуп, акчалай жана кубандыруучу белектер берилди. Демилге кайрымдуу инсандар тарабынан каржыланып, жүзөгө ашырылды. «Пайгамбарыбыз (САВ) бир хадисинде көрсөткүч …

Дальше »

Баткен облусунда диний кырдаал талкууга алынды

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков менен жолугушту. Жолугушууда облустагы  диний кырдаал, курман айт намазына карата даярдык,  учурдагы COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн санитардык эрежелерди так сактоо, эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарында дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов баш болгон дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү. «Эмдөөнү борбордук «Мураталы ажы Жуманов» атындагы мечитте уюштурдук. Алгачкылардан болуп  мен өзүм эмдөөдөн өттүм. Андан соң башка дин  кызматкерлери жана намазга келгендер эмделди»,-деди Мукадас ажы …

Дальше »