Бүгүн, 9-ноябрь күнү өлкө аймагында ажылыкка каттоо иштерине старт берилип, жер-жерлерде каттоо иштери кызуу жүрүүдө. Ош облусу: Баткен облусу: Ысык-Көл облусу: Ош шаары: Талас облусу: Чүй облусу: Жалал-Абад облусу:
Дальше »pressa
Музаффар ажы Турдубаев Орозмамат Ахуналиевдин акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты
Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев Ынтымак айылынын тургуну, милициянын капитаны Орозмамат Ахуналиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты. Зыйнатта райондун баш имам-хатиби маркумдун жакындарына көңүл айтып, элди мекенчил жана ар дайым патриот …
Дальше »Ноокат районунун баш имам-хатиби болочок ажылар менен жолугуп, ажылыктын пазилеттерин айтты
Ош облусунун Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев ажылыкка барууга ниет кылып, улуу зыяратка камдангандар менен жолугуп, ажылыктын пазилети жана аны аткарууда талап кылынган шарттарды айтып, ажылыкка каттоонун жол-жоболорун түшүндүрүп өттү. Ошондой эле ажылыкка …
Дальше »Кара-Сууда тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди
Кечээ, 8-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Суу шаарында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы сейил багында тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары …
Дальше »Мирланбек ажы Токтомушов ЖКККББ ФЧБнын башчысы менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады
Кечээ, 7-ноябрь күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятында КР ИИМдин ЖКККББ ФЧБнын башчысы, милициянын полковниги Асылбек Кошматов баштаган ИИМ кызматкерлери Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов менен жолукту. Жолугушууда тараптар жол кырсыктарынын алдын алуу, …
Дальше »Меккедеги штаб кызматкерлери вакф жетекчилери менен жолугушуп, мейманканалар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууда
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Самидин кары Атабаев, КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана бөлүмдүн адиси Дастан ажы Нукунов Сауд Араб Падышачылыгынын …
Дальше »Кыргызстанда 24 саат бою Куран окула баштады
Бүгүн, 8-ноябрь күнү Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы Борбордук мечитте «24 саат Куран хатм» саамалыгынын ачылыш аземи өттү. Куран саамалыгын Азирети Муфтий Замир кары Ракиев өзү ачып, кереметтүү Курандын алгачкы парасын окуу менен «24 саат хатм» …
Дальше »Эртең, 9-ноябрда өлкөдө ажылыкка каттоо башталат
ЖАҢЫ КАТТАЛУУЧУЛАР ҮЧҮН: 2024-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге (жандуу тизме / живая очередь) каттоо (Eid) ID-карт паспортунун негизинде 9-ноябрдан 20-ноябрь (20-ноябрды кошо эсептегенде) РСК банкынын иш убактысы бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. …
Дальше »Өлкө боюнча ажылыкка каттоочу операторлор жана кураторлордун дареги
Республика боюнча ажылык сапарына каттоочу операторлор (тизме) жана алардын даректери:
Дальше »Таласта имамдардын илимин жогорулатуу максатында сабак өтүлдү
Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын кеңсесинде Талас жана Бакай-Ата райондорунун имамдарына «Расул Акрам» ислам институтунун ректору Тариел ажы Абжалбеков, 10 кыраат ээси Имамали кары Тажибаев жана аалым Каныбек Баргиев сабак өтүштү. Алгач облус казысы Сулумбек ажы …
Дальше »Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Палестина боюнча билдирүү таратты
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Палестина боюнча билдирүү таратты Билдирүү толугу менен берилет: «Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен баштайбыз. Урматтуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандар! Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кенеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин …
Дальше »Баткенде мечит имамына достору автоунаа белек кылышты
Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Тажикстан менен чектешкен Кызыл-Бел айылынын имамы Жусупбек Кудайбердиевге жергиликтүү айылдын 1985-жылы туулган тургундары акча чогултуп Nexia үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. “Биз 1985-жылы туулган айылдын тургундары, буга чейин да соопчулук үчүн …
Дальше »