Ош шаарындагы дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Бүгүн, 16-июль күнү Ош шаарындагы дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү. Ошону менен бирге бүгүнкү жума баянында Курмандык чалуу жана майрамдын эрежелери, тазалык, санитардык эрежелерди сактоонун зарылдыгы баса белгиленди.  Эскерте кетсек, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын …

Дальше »

Айт намазы Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Санитардык талаптарды бекем сактайлы! Айт намазынын программасы

Курман айт намазы 20-июль күнү Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00до башталмакчы. Айт намаздын программасы 07:00-07:20 — Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин куттуктоосу жана баяндамасы 07:20-07:30 — Куттуктоолор 07:30 — …

Дальше »

Ош шаарындагы «Аль-Фаарук» мечитинин жанына атайын Куран окуу бөлмөсүнүн ачылышы болду

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Аль-Фаарук» мечитинин жанына имам хатиб Нурлан ажы Сапиевдин демилгеси менен Куран окуу бөлмөсүнүн ачылышы болду. Анын ачылышына Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышып, элди Куран окууну үйрөнүүгө жана …

Дальше »

Азирети Муфтийи Замир кары Ракыев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен келди

Кечээ, 15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев илимий сапары менен Жалал-Абад облусуна барды. Иш сапардын алкагында Азирети Муфтийдин алгач Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында маркум, дин аалым Чубак ажы Жалиловдун атасынын үйүндө эхсанга катышууменен …

Дальше »

Акжол ажы Козубаев: Курмандык чалуунун эрежелерин журтубузга жакшы түшүндүрөлү

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда мечит имамдарына жыйын өтүп, коронавирус илдетинин алуу эрежелери, курман айт намазын өз убагында окуу, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бекитилген №5 токтомдун негизинде иш алып баруу боюнча дин кызматкерлерине тапшырмалар …

Дальше »

Араван районунда улуттар аралык ынтымак, диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айыл аймагында улуттар аралык ынтымак, диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү.   Жыйынга Араван районун башкы имам-хатиби Алибек ажы  Жусупов, РИИБнын 10  бөлүмдүн жетекчиси Дүйшөн Жолдубаев, …

Дальше »

Ош шаардык казыятына караштуу жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, мечиттердин санитардык абалдары, Курман айт майрамына даярдыктар каралды

Бүгүн, 15-июль күнү Борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинин жыйындар залында Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу  мечит имамдарына жыйын өткөрүлүп, анда мечиттердин санитардык абалдары, кызматтык жоопкерчилик жана калк арасында COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды. Муну менен …

Дальше »

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев экс-муфтий Абсаттар ажы Дербисалинин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу казак элине көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев  боордош казак элинин мурдагы баш муфтийи жана дин аалымы Абсаттар ажы Дербисалинин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Казакстан  мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы, баш муфтий Наурызбай ажы Таган уулуна Кыргызстан мусулмандарынын …

Дальше »

Азирети Муфтий жана дин аалымдары коронавирус инфекциясына каршы вакцина алышты

Бүгүн, 15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн …

Дальше »

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды

Фатва толугу менен берилет بسم الله الرحمن الرحيم КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАРЫНЫН ААЛЫМДАР КЕҢЕШИ Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын чечиминин негизинде COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүү жөнүндө төмөнкүдөй фатва чыгарат: № 01  ФАТВА     Өткөн жылы …

Дальше »

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Ысык-Көлдөгү машыгуу лагерине барып сабалган 9 жаштагы өспүрүм боюнча билдирүү кылат

Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак – ырашкерликте, достук–боордоштукта жашоого үгүттөйт. Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат.  Ошондой эле динибиз ар кандай зордук-зомбулуктарды четке кагат. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Ысык-Көлдөгү машыгуу лагеринде болгон окуяны …

Дальше »

Ош облусунда имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу сабактары башталды

Бүгүн, 14-июнь күнү Ош облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында мечит имамдарынын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында алгачкы окуу сабагы уюштурулду. Иш-чарага казыяттын эмгек жамааты, облус аймагына таандык райондордун башкы имам-хатибдери жана Кара-Суу районунун имамдары катышты. …

Дальше »