Бишкек шаары жана Чүй облусундагы кыз-келиндердин диний окуу жайлары арасында көчмө семинар старт алды

2024-2025-окуу жылына карата Бишкек шаарына караштуу Кыргызстан Ислам университетинде жана Чүй облусуна караштуу “Ала-Тоо – 2” медресесинде көчмө семинар өтүп, ачык сабак жана класстан тышкаркы иш уюштурулду. Иш-чарага казыят кызматкерлери, Бишкек шаардык жана Чүй облусунун …

Дальше »

КИУда спорт жумалыгы башталды

Кечээ, 30-сентябрь күнү Кыргызстан Ислам университетинде спорт жумалыгы башталды. «Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Күчтүү мусулман алсыз мусулманга караганда жакшы жана Аллага сүйкүмдүүрөөк», – деп айткан. Албетте спорт менен машыгуу өзүн жана өзгөлөрдү коргоо үчүн мүмкүнчүлүк берет. Ошондой …

Дальше »

Чүй: Медресе мүдүрүнө «Мыкты жетекчи» медалы тапшырылды

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысынын №62 буйругунун негизинде Жаң-Жер айылынын «Равза» медресесинин мүдүрү Каландаров Өскөнбай Касымовичке «Мыкты жетекчи» медалы ыйгарылды. Сыйлык үстүбүздөгү жылдын 31-август күнү Жаң-Жер айылынын маданият үйүндө  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылына …

Дальше »

Чүйдө жаңы окуу жылы салтанаттуу башталды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылында жайгашкан «Молдо Шакир» медресеси 2024-2025 жаңы окуу жылын салтанаттуу түрдө баштады. Аземде Кыргыз республикасынын Гимни жаңырып, айылдык кеңештин депутаты Алдаяр Мурзабеков сөз кезегинде …

Дальше »

КИУга кабыл алуу башталды

  Дин илимин сүйүүчүлөрдүн эсине! Кыргызстан Ислам университети 2024-2025-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл ала баштады.— Теология кафедрасы; — Араб тили кафедрасы; — Шарият кафедрасы; — Шарият адистигине дистанттык окутуу; Толук маалымат алуу үчүн: 0222 42 …

Дальше »

Чүйдөгү «Равза» медресесинин студенттери компьютердик билим боюнча сертификатка ээ болушту

Чүй облусундагы Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Равза» медресесинин студенттерине кошумча кесипке окутуу боюнча негизги компьютердик билим сабагынан 2,5 айлык курсу аяктады. №43 профессионалдык лицейдин мугалимдери аталган курсту аяктаган балдардан сынак алышып, студенттерге сертификаттар тапшырылды. …

Дальше »

«Имам Жазарий» медресесинин студенттери ишембилик өткөрүштү

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылындагы «Имам Жазарий» медресесинин студенттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Жаңы-Пахта айыл аймагына алып баруучу чоң жолдун жээктерин толугу менен тазалап чыгышты. «Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадисинде: «Жолдун …

Дальше »

Чүйдө медреселер аралык футбол мелдеш болуп өттү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ала-Тоо» медресеси, «Аль-Бушро» медресеси жана «Абу Ханифа» диний окуу жайлары ортосунда достукту, ден соолукту чыңдоо, студенттер ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында футбол боюнча турнир болуп, байгелүү орун алган командаларга баалуу белектер тапшырылды. …

Дальше »

Сокулукта 30 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчалары таратылды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинин мүдүрү Өскөнбай ажы Каландаровдун демилгеси менен 30 муктаж үй-бүлөгө айттык баштыкчалар таратылды. «Бул айларда аткарылган кайрымдуулуктар башка айларга караганда сооптураак болот. Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн жасалган …

Дальше »

Чүйдө мүдүрдүн демилгеси менен 300 кишиге жардам көрсөтүлүп, 300 түп көчөт тигилди

Чүй облусунун Москва районундагы «Таштан ажы» медресесинин мүдүрү Махамадали ажы Махмашариповдун демилгеси менен Москва районунун тургундарына 300 муктаж үй-бүлөгө 300 кап ун, 3 тонна күрүч, 3 тонна суу май таратылып берилди. Ошону менен катар медресе …

Дальше »

«Ала-Тоо», «Ала-Тоо 2» медреселери ишембилик өткөрүштү

Кечээ, 9-апрель күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ала-Тоо» балдар медресеси, «Ала-Тоо 2» кыздар медресесинин мугалимдер жамааты жана студенттери КМДБ жетекчисинин тапшырмасынын негизинде жума сайын окуу жайлардын тегерегин, айылдагы коомдук жайларды, көчөлөрдү тазалашып, көчөттөрдү отургузушту. «Тазалык …

Дальше »

«Көлмө» медресесинин студенттери Чоң Чүй каналынын жээгин тазалашты

Кечээ, 23-март күнү «Көлмө» медресесинин студенттери жергиликтүү муниципалдык аймактык башкармалык менен биргеликте ишембилик өткөрүштү. Иш-чарага муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, «Көлмө» медресесинин мүдүрү Ырысбай ажы Ахунбаев баштаган окутуучулар жана студенттер катышты.  «Тазалык – бул динибиздин негизги бөлүгү. …

Дальше »