Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган дин аалымдары Кара-Бак айылындагы жаңы мечиттин ачылыш салтанатына катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ыйман кербени» аттуу иш сапарынын алкагында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы жаңы курулган мечиттин ачылыш салтанатына катышты. Саамалыкка президенттин  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев, ДИМКтин түштүк аймактык …

Дальше »

Баткен казыятында район, шаарлардын баш имам хатибдерине жыйын болуп өттү

Баткен казыятынын жыйындар залында район, шаарлардын баш имамдарына жана казыят кызматкерлерине  облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов жыйын өткөрдү. Жыйында аймакта аткарылып жаткан диний иш аракеттерди  коомчулукка жеткирүү, мечиттерди каттоодон өткөрүү, мечиттерде санитардык эрежелердин сакталышы, дааратканалардын …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарындагы «Азрети Усман» медресеси тарабынан эки бодо мал курмандык чалынып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылды

20-июль күнү ыйык Курман айт майрамынын урматына Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Азрети Усман» медресеси тарабынан жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен эки бодо мал курмандыка чалынып, анын эти аз камсыз болгон 30 үй-бүлө таратылды. Бул тууралуу медресе мүдүрү …

Дальше »

Баткенде айт намазы мечиттерде окулду

Курман айт намазы Баткен шаарында борбордук «Нуьмани» жана жума намазы окулуучу мечиттерде окулду. Намаз башталаар алдында Баткен облусунун мусулмандар казысынын куттуктоосу жана баяндамалары айтылды. Ошондой эле айт намазга келгендерди Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу …

Дальше »

Баткен облусунда диний кырдаал талкууга алынды

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов КР Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков менен жолугушту. Жолугушууда облустагы  диний кырдаал, курман айт намазына карата даярдык,  учурдагы COVID-19 илдетин алдын алуу үчүн санитардык эрежелерди так сактоо, эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарында дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов баш болгон дин кызматкерлери COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү. «Эмдөөнү борбордук «Мураталы ажы Жуманов» атындагы мечитте уюштурдук. Алгачкылардан болуп  мен өзүм эмдөөдөн өттүм. Андан соң башка дин  кызматкерлери жана намазга келгендер эмделди»,-деди Мукадас ажы …

Дальше »

Кадамжайда мечиттерде Курман айт майрамына карата ишембилик болуп өттү

Баткен облусунун Кадамжай районунун баш имам хатиби Иброхим Хаиткуловдун жана аймактагы дин кызматкерлеринин демилгеси менен курман айт майрамына карата ишембилик болуп өттү. «Мусулмандар кубаныч менен күтүп майрамдоочу эки чоң майрамдын бири Курман айт майрамы. Бул …

Дальше »

Баткен шаарындагы «Муъаз ибни Жабал» медресесинин студенттери жайкы практикага чыгышты

Баткен шаарындагы «Муъаз ибни Жабал» медресесинин студенттери жайкы практикасын Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Табылгы, Кайыңды айылдарындагы жаштар үчүн окуу курстарын уюштурду. Анда жаштарга Куран окуганды үйрөтүп, атайын сынактар уюштурулган. «Медресебизде билим алгандар практикага чыгып жаштарды …

Дальше »

Баткен районунун баш имам хатибинин демилгеси менен уюштурулган бир айлык жайкы лагер аяктады

5-июль күнү Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошовдун демилгеси менен  жаштарды  адеп-ахлак, ыймандуулукка тарбиялоо максатында уюштурулган  бир айлык жайкы лагер аяктады. Иш-чарага жалпы катышуучулар, демөөрчүлөр катышты. Уюштуруучулар бир айлык жайкы лагердин жыйынтыктары туурасында …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Масалиев Абдиманап кары Баткен облусуна иш сапары менен келди

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун чек арада жабыр тарткан жашоочулар менен жолугушуп, материалдык жана моралдык жардам көрсөттү. Муну менен катар  Баткен шаарында чек ара чырында каза болгон жарандардын жакындары менен жолукту. …

Дальше »

Баткен облустук казыяты жана Кажамдай райондук хатибияты Баткен районунун Суу бою Карабак айылына кайрымдуулук жардам көрсөттү

Баткен облустук казыяты жана Кажамдай райондук хатибияты Баткен районунун Суу бою Карабак айылына кайрымдуулук  жардам көрсөттү. Жардам азык-түлүк, кийим-кече,чек ара чырында жабыр тарткан 10 үй-бүлөгө  5000  сомдон, айыл имамына 50 000 сом жана аскер заставасына 10 000 сом акчалай жардам …

Дальше »

Баткенде мектеп окуучулары арасында «Адеп адамдын көркү» китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү

Кечээ, 20-майда Баткен облусунун Баткен районунун Чек мектеп окуучуларын адеп-ахлакка, билим алууга чакырган тарбиялык саат жана китеп окуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду. Иш-чара Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» медресесинин мүдүрү Султанмурат ажы Исираевдин демилгеси …

Дальше »