Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Ленин районунун администрация башчысы Русланбек Тагаев менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Ленин районунун администрация башчысы Русланбек Тагаев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси каралып, Ленин райондук администрациясы жардам көрсөтөөрү  белгилүү болду. Жолугушууда шаар казысы имамдардын коомдогу орду …

Дальше »

Баткен районунда ысырапкерчиликке жол бербөө жана анын алдын алуу маселеси талкууланып, атайын жумушчу топтор түзүлдү.

Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Президент Садыр Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында жыйын өттү. Жыйынга  Баткен облусунун мусулмандарынын  казысы Нуридин ажы Мамасабиров, район …

Дальше »

Токтогул районунун Толук айылында үй-бүлө институтун бекемдөө маселеси талкууланды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Толук айылынын Мамбет Бекболотов атындагы орто мектебинде Токтогул районунун баш имам хатиб Алипбай ажы Борошбаевдин катышуусунда ата-энелер үчүн «үй-бүлөө институтун бекемдөө» жана «бала тарбиялоо» темалары боюнча жыйын өттү. Жыйынга айыл …

Дальше »

Ысык-Көл облусунда уюштурулган «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары Ысык-Көл облусунда жыйынтыкталды. Саамалыктын жыйынтыгында  облустук казыят ар бир райондон үчтөн имамды …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Мамлекеттик туу күнүнө арналган майрамдык салтанатка катышты

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракеси өтүп, майрамдык салтанатка Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев да катышты. Майрамдык салтанат Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, туу …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Майрамдык иш-чарага шаардагы мекеме иш-каналардын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты. Борбордук аянттагы эгемендигиктин символу …

Дальше »

Ош шаарында ысырапкорчулукту болтурбоо жана алдын алуу боюнча жыйын өтүп, протоколдук тапшырмалар берилди

1-мартта Ош шаарында Президент Садыр Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында жыйын өттү. Ага шаар мэри Алмаз Мамбетов, калаа казысы Убайдулла ажы  Сарыбаев, Кыргызстан …

Дальше »

Талас шаарында дин аалымдарынын катышуусунда айымдар үчүн «Эне жүрөгү, ыйман үрөөнү» аталышындагы семинар өттү

Талас шаарындагы «Атай Огомбаев» атындагы балдар музыкалык мектебинде «Эне жүрөгү, ыйман үрөөнү» аталышында атайын семинар өтүп, иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Кенжетай ажы Курманходжаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмил Асылбеков, «Расул Акрам» ислам …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев калаадагы жалпы имамдарга жыйын өтүп, мечиттерди каттоо ишин тездетүү тапшырмасын берди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын  казысы Самидин кары Атабаев калаадагы «Аиша» мечитинде жалпы имамдарга жыйын өтүп, анын алкагында ыйык Рамазан айына карата даярдыктарды көрүү, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген тапшырмаларды так аткарууга чакырды. «Мечиттердин тазалыгына көңүл буралы жана …

Дальше »

«Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары Каракол шаарында уланып, ага Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын имамдары катышууда

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан  уюштурулуп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында өттү. Иш-чаранын ачылышына президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым …

Дальше »

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде көзү азиздер үчүн эки айлык Куран окуу курсу ачылды

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде көзү азиздер үчүн эки айлык Куран окуу курсу ачылып, саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин  орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын бухгалтерия жана чарбалык-курулуш бөлүмүнүн адиси Асанбай ажы Бекматов, «Кыргыз азиздер …

Дальше »

Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош шаарындагы бир катар диний окуу жайларды зыярат кылды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Ош шаарына жасаган иш сапарынын алкагында калаадагы «Сайида Хадича», «Сулайман Тоо» медресесин, «Хадича аль-Кубро» ислам институтун жана «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборун зыярат …

Дальше »