Ош шаарынын мурунку казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге Аалымдар кеңешинин «Ардак баракчасы», Азирети Муфтийдин «Ардактуу казы» сыйлыгы тапшырылды

Ош шаарынын мурунку казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин «Ардак баракчасы» тапшырылды. Сыйлыкты АК мүчөсү Анасхан ажы Ташхужаев тапшырып, мындан аркы иштерине ийгилик каалады. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Убайдулла ажы Сарыбаевге  «Ардактуу казы»  сыйлыгы тапшырып, буга чейинки иштерине саресеп салды. «Убайдулла ажы 2013-2022-жылдар аралыгында Ош …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Нематула ажы Жээнбеков 3 күндүк иш сапары менен Ала-Бука районуна барып, дин кызматкерлеринин көйгөйлөрүн угууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематула ажы Жээнбеков 3 күндүк иш сапары менен Ала-Бука районуна барды. Иш сапардын алкагында ысырапкорчулуктун шарияттагы ордун айтып, бул жаатта имамдар калк арасында түшүндүрүү иштерин жана КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Мырза кары Осмонов Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жээналиев менен жолугушуп, пландуу иштер талкууланды

Бүгүн, 8-июнь күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жээналиев баштаган облустук казыяттын эмгек жамааты менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда облустук казыят менен шаардык казыяттын кызматкерлеринин тажрыйбаларын бекемдөө жана биргеликте аткарылуучу иштердин пландары талкууланды. Ал эми облус …

Дальше »

Жалал-Абад облусундагы дин кызматкерлерине бирдиктүү формалар тапшырылды

Жалал-Абад облусундагы дин кызматкерлерине бирдиктүү формалар тапшырылды. Саамалыкка Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана казыяттын эмгек  жамааты катышты. «Учурда өлкөбүздөгү бардык дин кызматкерлерине бирдиктүү форма берилүүдө. Ислам динин элге жеткирүүдө, ысырапкерчиликтин алдын алууда …

Дальше »

Ысык-Көл облусундагы имамдарга бирдиктүү формалар тапшырылды

Кечээ, 7-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы борбордук мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, шаар, райондук баш имам-хатибдер жана дин кызматкерлеринин катышуусунда  жалпы …

Дальше »

«Кадича» кыздар медресесиндеги 23 студент Куранды толук жаттап, окууну ийгиликтүү аякташты

Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Ыйман-Бакыт» коомуна караштуу «Кадича» кыздар медресесинде бүтүрүү кечеси болуп өттү. Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, «Ыйман-Бакыт» коомдук фондунун жетекчиси Талант Алмаматов, казыяттын аялдар бөлүмүнүн …

Дальше »

Мырза кары Осмонов «Имам аль-Бухари Алай» мечитинин ардактуу имамы Ахматали ажы Пахыровдун ак батасын алып, өз ишин баштады

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов «Имам аль-Бухари Алай» мечитинин ардактуу имамы Ахматали ажы Пахыровду зыярат кылып, ак батасын алды. «Ислам дини үчүн кызмат кылып келе жаткан Ахматали ажы көптөгөн шакирттерди тарбиялап чыгарган. Биз …

Дальше »

Талас районунун Арал айылында Куран окутуу борбору ачылды

Катар кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен  Талас районунун Арал айылында Куран окутуу борбору ачылды. Саамалыкка облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана жергиликтүү тургундар катышышты. «Куран — адамзаттын Кудай менен, жаратылыш жана андагы жандуу нерселер менен адам …

Дальше »

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев облустагы дин кызматкерлерине бирдиктүү формаларды таратты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас шаарынын борбордук «Аль-Ааль Байт» мечитинде облустагы жалпы дин кызматкерлерине  бирдиктүү формаларды таратты. Саамалыкка казыят кызматкерлери катышып, жалпы имамдардын ишине ийгилик каалашты. “Кыргызстандагы бардык дин кызматкерлери бирдиктүү формага …

Дальше »

Григорьевка айылындагы жалгыз бой энеге айыл жаштары 2 бөлмөлүү турак-жай курушууда

Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылындагы жалгыз бой эне Мейизгүл Корголдоевага 2 бөлмөлүү турак-жай курулууда.  Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиевдин айтымында  ушул эле айылдын 1985-жылкы жаштарынын  демилгеси менен башталган курулуш учурда кызуу жүрүүдө. “Мейизгүл Корголдоевага …

Дальше »

Азирети Муфтийдин катышуусунда Ош облусундагы жана Ош шаарындагы дин кызматкерлерине атайын форма тапшырылып, бир катар тапшырмалар берилди

Бүгүн, 6-июнь күнү Ош облусунун аймагындагы имамдарга бирдиктүү формалар тапшырылды. Аталган саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин кеңешчиси Асан ажы Сыргабаев, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Ош шаарынын жаңы дайындалган …

Дальше »

Ошто имамдын демилгеси менен ишембилик уюштурулуп, 100 кап таштанды чыгарылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу «Имам Ата» мечитинин имам-хатиби Юсуфхон Акматалиевдин демилгеси менен массалык ишембилик, тазалык иш-чарасы уюштурулду. Жергиликтүү жашоочулар Навои, Токтогул паркы, Сулайман-Тоо, Кыргызстан кинотеатрынын тегереги, Черемушка кичи районунан Шакиров көчөсүнө …

Дальше »