Азирети Муфтий Жидда шаарында өткөн ажылыкка байланыштуу эл аралык конференцияга катышып, келишимдерге кол коюуда

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Жидда шаарында өткөн ажылык жана умра кызматтары боюнча эл аралык конференцияга катышты. Жолугушууга Сауд Араб Падышасынын кеңешчиси, ыйык Мекке шаарынын …

Дальше »

Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6000 квота бөлүп, 2022-жылдагы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгиледи

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, 2022-жылдагы ажылык сапарын талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстан 2022-жылы ажылыкты …

Дальше »

2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы ажылык министрлигине ыраазычылык билдирди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган штаб кызматкерлери Мекке шаарындагы «Лажнатуль-Тансиик» Вакф мекемесинин жетекчиси доктор Абдурахман Тоолиб жана вакфтын кызматкерлери менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун …

Дальше »

ФОТО: Ыйык Мекке шаарынан сапар алган Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына жетишти

Ыйык Мекке шаарынан Жидда-Бишкек багыты боюнча учуп кеткен Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына жетишти. Ажыларды Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган КМДБнын эмгек жамааты тосуп алышты.

Дальше »

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына учуп кетүү үчүн Жидда аэропортуна жөнөп кетишти

Ыйык Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына учуп кетүү үчүн Жидда аэропортуна жөнөп кетишти. Алгачкы каттамда 406 жаран сапар алышып, Сауд Арабиянын убактысы боюнча кечки саат 23:45те учуп кетишмекчи. Ал …

Дальше »

Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабы ажы башчыларга жыйын өткөрүп, ажыларды мекенибизге узатуудагы эрежелер менен тааныштырды

Ыйык Мекке шаарындагы 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы 55 ажы башчыны чогултуп, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү ажылык амалдарынын аткарылышы жана ажылардын аман-эсен Мекке шаарына кайтып келгендиги боюнча маалыматтарын угуп, штаб Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык жана …

Дальше »

Элчи Улукбек Марипов ажылык милдеттерин өтөө үчүн ыйык Мекке шаарына келишкен Кыргызстандык ажылар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов ажылык милдеттерин өтөө үчүн ыйык Мекке шаарына келишкен Кыргызстандык ажылардан кабар алды. Жолугушууга ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана штаб кызматкерлери …

Дальше »

САПтын ажылык министрлигинде жыйын өтүп, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү картасы жана тартиби түшүндүрүлдү

Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлигинде жыйын өтүп, ага 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, штаб жетекчисинин орун басары Асан ажы Сыргабаев жана жалпы кызматкерлер катышты. Муну менен катар жыйынга Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана …

Дальше »

Ыйык Мекке шаарына Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу келди

Ыйык Мекке шаарына Кыргызстандык ажылардын акыркы тобу келди. Ажыларды тосуу саамалыгына 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын кызматкерлери барып, Дауар Кудей районундагы мейманканаларга жайгаштырышты. «Медина шаарынан Мекке шаарына чейинки аралыкта ажыларга ыйык Харам мечитине кирүү шарттары жана …

Дальше »

Мекке шаарындагы дарыгерлер Азизия районунда жайгашкан мейманканадагы Кыргызстандык ажылардын ден соолуктарын текшеришти

Бүгүн, 24-июнь күнү ыйык Мекке шаарындагы дарыгерлер Азизия районунда жайгашкан мейманканадагы Кыргызстандык ажылардын ден соолуктарын текшеришип, кеп-кеңештерин беришти. Жалпысынан 50 жаранды текшеришип, айрымдарына дары-дармектерди беришти. «Ыйык Мекке шаарында күн абдан ысык болгондуктан биз мекендештерибизди муздак …

Дальше »

Кыргызстандык ажылардын кезектеги дагы бир тобу Мекке шаарына келишип, Азизия районундагы мейманканаларга жайгашышты

Медина-Мекке багыты боюнча автобустар менен чыккан Кыргызстандык ажылардын кезектеги дагы бир тобу Мекке шаарына келишип,  Азизия районундагы мейманканаларга жайгашышты. Ажылык милдеттерин өтөө үчүн келген мекендештерибизди ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Дальше »

Ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси САПтын ажылык министрлигинин алдындагы Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү мекеменин башчысы менен жолугушту

2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана штаб кызматкерлери Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык-умра министрлигинин алдындагы КМШ, Европа, Австралия жана Америка аймактарын караган 19-чу мекеменин Кыргызстандык ажыларды тейлөөдөгү жетекчиси Абдулмухсин Миквар менен жолугушту. Кыргызстандык …

Дальше »