Алланын ысымдары

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын Ысым же ат нерсени аныктаган, түшүндүргөн жана билдирген сөз болуп эсептелет. Бир нерсенин атын билүү – аны таануунун алгачкы кадамы. Ысым же аталыш бир нерсенин бар экенин, анын …

Дальше »

Периштелерге ыйман

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен… Ислам дининде ыйман негиздеринин экинчиси периштелерге ыйман болуп саналат. Биз, мусулмандар Алла Тааланын периштелеринин бар экенине ишенебиз. Периштелер түзүлүшү, аткарган функциялары менен башка жаратыктардан айырмаланып турат. Алланын вахийин жана …

Дальше »

Шайтан ким?

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен Шайтан оттон жаралган жаратык. Далил: Эгең периштелерге (мындай) деди: “Мен инсанды ылайдан жаратамын. Качан аны жасап бүтүп, ага өз рухумдан  (үйлөп) киргизгенимде, ага сежде кылган абалыңарда ийилгиле!” Периштелердин баары …

Дальше »

Бешиктеги баланын бек болорун ким билет

«Улууга урмат, кичүүгө ызат» – деген ата-бабаларыбыздын акыл-насаатын жана Пайгамбарыбыздын (с.а.в.): «Кичүүгө мээрим, улууга урмат көрсөтпөгөн адам бизден эмес» – деп айткан хадисин эске салуу менен кыскача бала тарбиялоо жөнүндө айта турган болсок, салтыбызда «адамдын …

Дальше »

ИСЛАМДА ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН САКТОО МАСЕЛЕСИ

Бисмиллахир-рохманир-рохийм Акыркы учурларда авто-жол кырсыктары көп катталып, канча деген кырчын өмүрлөр кыйылып кетүүдө. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, өткөн жылдын 11 айында эле 6455 жол кырсыгы катталган. Тилекке …

Дальше »

Ач көзгө дүйнөнү берсеңиз да тойбойт

Колуңузда барына шүгүр кылсаңыз көбөйөт. Ачкөз болсоңуз, баарын жоготосуз. Анткени адамдын бактысына ач көздүгү тоскоолдук кылат. «Байлык, бийлик бир тыйын, бакыт табуу эң кыйын» демекчи, байлык сиз үчүн кызмат кылбастан, сиз байлыктын артынан кууп жүрүп, …

Дальше »

САПАРДАГЫ СҮННӨТ НАМАЗДАР

Ырайымдуу жана Боорукер АллахТааланын ысымы менен! Жараткан Аллах Таалага Өзүнүн улуулугуна ылайык мактоо-алкыштар болсун! Сүйүктүү Пайгамбарыбызга Аллахтын саламы жана рахматы болсун! Ислам дини оор жагдайларда ибадаттарды жеңилдетүүгө жол ачып, анын өзүнчө жол-жоболорун, эрежелерин койгон. Мындай …

Дальше »

«Тойдон кийин да тон керек»

Салтыбызга ылайык, эки жаш баш кошкондо калайык-калкты чакырып ак батасын алуу үчүн той өткөрүлөт. Бул көрүнүш динибизге каршы келбейт. Тескерисинче бул эки жаштын бири-бирине адал болгондугун билдирип, алардын кол кармашып көчөдө бара жатканын көргөндөр жаман …

Дальше »

Намазда сөөмөй көтөрүү маселеси

Имам Раббааний (рахимахуллах) “Ишаарату саббааба” жөнүндө Ахмад ибн Абдулахад ибн Зайн Ал-Абидийн Ас-Сирхиндий Ал-Фарукий Ан-Накшбандий (971-1034/1564-1624) куддисасирруху Имам Раббааний аты менен таанылган накшбандийликтин мужаддидия (жаңылануу) тармагына негиз салган, “Алтын силсиланын” улуу калкасынын ээси. Ал “Мужаддиди …

Дальше »

«Жакшыга жанаш, жамандан адаш»

«Казанга жакын жүрсөң карасы жугат» демекчи, досуң булбул болсо, гүлгө барасың, карга болсо, сени  таштандыга алып барат. Буга жакшы менен жаман досторду мисал катары пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Жакшы дос менен жаман дос – жыпар ташыган киши …

Дальше »

Табият менен таттуу мамиледе болуу

«Күч бирдикте» дегендей, көпчүлүк баштаган иш натыйжалуу болот. Бул тууралуу «көп түкүрсө көл болот» деген сөз көбүнчө жакшы мааниде колдонулуп келет. Ал эми тыйындын эки тарабы бар демекчи, көпчүлүктүн  кайдыгерлик менен көчөгө таштаган таштандылары чогулса, …

Дальше »

Намазда Фатиха сүрөсүнөн кийин «амийн» кандай айтылат?

Намазда «Аамийн» сөзү купуя айтылат. Биринчиден, “Аамийн” сөзү жөнүндө кеп кылалы, бул сөз негизинде араб тилиндеги сөз эмес. Бул ибраний тилинде. Аамийндин мааниси «кабыл кыл» дегенди түшүндүрөт. قَالَ ابْنُ عَبَّاسٍ: سَأَلْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ …

Дальше »