Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков Ала- Букадагы бийлик өкүлдөрү, имамдар менен жолугушуп, ысырапкорчулуктун алдын алууну сүйлөштү

Жалал-Абад облусунун  мусулмандарынын казысы Нематулла  ажы  Жээнбеков Ала- Бука районундагы маданият үйүндө райондун акими, айыл өкмөт башчылары,  айылдык кеңештин депутаттары, айыл аксакалдары жана жалпы имамдар менен жолугушту. Жолугушууда КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү …

Дальше »

Максат кары Сидиков Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы менен жолугуп, мечиттердин каттоосу боюнча пикир алышты

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Мусаев менен жолугуп, каттоодон өтпөгөн мечиттер боюнча пикир алмашты.  «Анын жыйынтыгында айыл өкмөт башчысы тиешелүү адистерге чукул тапшырмаларды берди. Тепе-Коргондо каттоодон өтпөгөн бир …

Дальше »

2015-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан студенттер аралык футбол оюну быйыл «Азирети Али» диний окуу жайында өттү

Айдаркен шаарында Баткен облусундагы диний окуу жайдардын  студенттери арасында футбол  оюну боюнча мелдеш өтүп, жалпы 9 окуу жайдан келген командалар ат салышты. «Илим алган окуучуларга аз да болсо стимул болсун деп ушундай иш-чараны силерге уюштурдук. Талашып-тартышпай силер …

Дальше »

Баткендеги дин кызматкерлерине облус казысы Нуридин ажы Мамасабировдун катышуусунда бирдиктүү формалар тапшырылды

Баткен облусундагы дин кызматкерлерине бирдиктүү формалар тапшырылды. Саамалыкка Баткен облусунун мусулмандарынын казысы жана казыяттын эмгек  жамааты катышты. «Диний жааттагы кызматкерлер коомчулукка үлгү болушубуз керек. Ар бирибиз өз милдетибизди так аткарып, элибизге динибиздин асыл баалуулуктарын жеткирели. …

Дальше »

Көзү азиздер үчүн уюштурулган окуу курсу жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды. Алардын катарында 30 пара Куранды угуп жаттагандар бар

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» Куран жаттатуу медресесинде көзү азиздер үчүн уюштурулган окуу курсу жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды. Аталган иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов барып, окууларына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле алдыда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге Куранды …

Дальше »

Кадамжай районунун борбордук “Имам Ал Бухари” мечитинде аймактагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, экстремизм, терроризм боюнча маалыматтар берилди

Кадамжай районунун борбордук “Имам Ал Бухари” мечитинде  аймактагы дин кызматкерлери үчүн атайын  жыйын өтүп, ага КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков  жана Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышты. Жыйында Кыргызстан мусулмандарынын Дин …

Дальше »

Кара-Суу районунда жаңы мечит ачылып, пайдаланууга тапшырылды

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Телман айылында жаңы мечит ачылды. Мечиттин ачылышына Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, Ош шаарынын мурдагы казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облустук казыятынын бухгалтерия жана …

Дальше »

Ысык-Көл облусунан ажылык ибадатын аткаруу үчүн жөнөп жаткан жарандарга сабактар өтүлүүдө

Ысык-Көл облусунан ажылык ибадатын аткаруу үчүн Сауд Араб Падышачылыгынын ыйык Медина жана Мекке шаарларына жөнөп жаткан жарандарга облустук казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү бөлүм адиси Талгат Соноев атайын сабактарды уюштурууда. «Ыйык жайларга баргандан кийин убакытты …

Дальше »

Кадамжайда аялдар үчүн жыйын өтүп, ислам дининдеги аялдардын орду, укугу жана баалуулугу айтылды

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аялдар үчүн атайын жыйын болуп өттү. Жыйынга КР ДИМКнын түштүк бөлүмүнүн жетекчиси Мурзабеков Исакбай Камалович жана Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров катышты. Аялдар үчүн уюштурулган бул жыйын …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Мырза кары Осмонов ӨКМдин түштүк аймагы боюнча жетекчиси Канат Джумабаев менен жолугушуп, өрт кырсыгынын алдын алуу боюнча пикир алышты

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрттү көзөмөлдөө боюнча кызматынын Баткен, Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Канат Джумабаев  менен жолугушуп, диний мекемелердин имараттарындагы өрт коопсуздугунун алдын …

Дальше »

Ош шаарынын мурунку казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге Аалымдар кеңешинин «Ардак баракчасы», Азирети Муфтийдин «Ардактуу казы» сыйлыгы тапшырылды

Ош шаарынын мурунку казысы Убайдулла ажы Сарыбаевге Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин «Ардак баракчасы» тапшырылды. Сыйлыкты АК мүчөсү Анасхан ажы Ташхужаев тапшырып, мындан аркы иштерине ийгилик каалады. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Убайдулла ажы Сарыбаевге  «Ардактуу казы»  сыйлыгы тапшырып, буга чейинки иштерине саресеп салды. «Убайдулла ажы 2013-2022-жылдар аралыгында Ош …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Нематула ажы Жээнбеков 3 күндүк иш сапары менен Ала-Бука районуна барып, дин кызматкерлеринин көйгөйлөрүн угууда

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематула ажы Жээнбеков 3 күндүк иш сапары менен Ала-Бука районуна барды. Иш сапардын алкагында ысырапкорчулуктун шарияттагы ордун айтып, бул жаатта имамдар калк арасында түшүндүрүү иштерин жана КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү …

Дальше »