Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жергиликтүү тургандар менен жолугушуп, Муфтият тарабынан чыккан фатваны түшүндүрүүдө

Жалал- Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы  Биби-Мариям мечитинде жергиликтүү тургандар менен жолугушуп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынан чыккан фатваны түшүндүрүп берди. Муну менен катар ысырапкорчулуктун алдын алуу керектиги айтылып, бул жаатта дин …

Дальше »

Өзгөндөгү мечит имамдарына бир катар тапшырмалар берилди, текшерүүлөр болоору эскертилди

Бүгүн, 10-март күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районун борбордук мечитинде мечит имамдарына жыйын өтүп, маркумду акыркы сапарга узатууда ысарапкорчулук менен күрөшүү, мечиттердин тазалыгы, каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо жана жума баянын Муфтият бекиткен бирдиктүү темалардын …

Дальше »

Өзгөндө мечит имамдарынын билимин жогорулатуу максатында атайын сабак өтүлө баштады

Бүгүн, 10-март күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун борбордук мечитинде Матуридий акыйдасы жана Ханафий мазхабын бышыктоо, экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана имамдардын диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында атайын окуу  уюштурулду. Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Өзгөн …

Дальше »

Кара-Суу районунда баш имам-хатибдин демилгеси менен ишембилик өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругун ишке ашыруу максатында Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан диний мекемелерде, окуу жайларда, ошондой эле социалдык мекемелерде ишембилик өткөрүлдү. Тазалыкка багытталган иш-чара Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев менен жолугушуп, ысырапкорчулуктун алдын алууну сүйлөшүштү

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев  менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун  «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында иш …

Дальше »

Ош шаарындагы имамдар мечиттерде жана коомдук жайларда КМДБнын фатвасынын негизинде түшүндүрүү иштерин алып барышууда

Кечээ, 9-март күнү Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Каныбек Алтыбаев атындагы орто мектебинин жыйындар залында ысырапкорчулукту жоюу максатында өткөрүлгөн жыйынга катышты. Жыйынга Керме-тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери, кварталдык комитеттер, бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү …

Дальше »

Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов  үй-бүлөлүк салтанаттарды, аш-той жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы   ысырапкорчулукту жоюу жана тартипке келтирүү максатындагы шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. “Ысырапкорчулукту тартипке келтирүү боюнча өлкө башчыбыздын жарлыгын жана КМДБ …

Дальше »

Ош облусунун казысынын орун басары практиканттарды кабыл алып, акыл-насаат жана кеп-кеңештерин айтты

ОшМУнун теология факультетинин жана колледжинин студенттери Ош облустук мусулмандарынын казыятына практикага чыгышты. Аларды казыяттын жамааты кабыл алып, облустук идара жана аппарат менен тааныштырды.  «Теология факультетинде биз сыйлаган илимдүү мугалимдер бар. Силердин ошондой терең билимдүү кишилердин …

Дальше »

Бишкек шаардык казыяты диний мекемелер арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында спорттук иш-чара өткөрдү

Бишкек шаардык мусулмандарынын казыяты диний мекемелер арасындагы ынтымакты бекемдеп, ден соолукту чыңдоо максатында футбол боюнча мелдеш өткөрдү. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев катышып, мындай спорттук иш-чаралар кызматкерлер ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдей тургандыгын билдирди.   «Диний …

Дальше »

Ош шаарында ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ош шаарындагы А. П. Федченко атындагы орто мектебинин  жыйындар залында Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын тургундарына  ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Ош шаарынын мусулмандарынын  казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, …

Дальше »

Кара-суу районунда ыксыз чыгымдарга жол бербөө жана анын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Кара-Суу районунда маркумду акыркы сапарга узатууда, эскерүүдө ысырапка жол бербөө жана тартипке келтирүү боюнча жыйын өттү. Саамалыкка Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, район акими Турусбек Ногоев баштаган жергиликтүү …

Дальше »

Ош шаарында «Аалымдардан алтын мурас» аталышындагы тегерек стол өттү

Ош шаарындагы «Шанхай Сити» мейманканасынын жыйындар залында «IQRA» долбоорунун алкагында «Аалымдардан алтын мурас» темасында тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн …

Дальше »