Ош облусунун мусулмандар казыяты

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен жолугушууларды өткөрдү
Бүгүн, 12-сентябрда Ош облустук казыятынын жыйындар залында 2019-2020-окуу жылына карата  облус аймагындагы диний окуу жайлар жана окуу борборлордун  мүдүрлөрү арасында чогулуш болуп өттү. Чогулушка Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, окуу бөлүмүнүн адиси Акжол Бакиров …
Ошто диний кызматкерлер өзгөчө кырдаалдарда алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү  
10-11-сентябрь Ош облустук казыятынын жыйындар залында  “Диний кызматкерлердин өзгөчө кырдаал учурундагы  ролу” аттуу 2 күндүк окуу семинары болуп өттү. Семинарга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Исакбай Мурзабеков, казыят кызматкерлери, …
Ош  облустук казыятында эктремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүлдү
Кечээ, 5-сентябрда Ош облустук казыятында экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Ош облустук улуттук коопсуздук комитетинин  экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча …
Ош шаарында 14 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы өткөрүлдү
Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы колледжинин жыйындар залында 4-14 жашка чейинки жаш балдар арасында Куран жарышы болуп өттү. Куран жарышка 76 бала катышып, алар сынак учурунда 30 сүрөөнү жатка айтышып, көркөм окушту. Калыстар тобунун чечиминин …
Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Курмандык чалуунун фазилеттери жана шарттары туурасында баяндама жасады
Бүгүн, 9-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы  Ташлак айылынын “Имам Ат-Тирмизий” мечитинде Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Курмандык чалуунун  фазилеттери жана шарттары туурасында жума баяндамасын жасады жана айт намаздын кайсыл убакта окулуусун жалпы жамаатка жеткирди. …
Ош шаарындагы азиздер  үйүнө 68150 сомдук жардам көрсөтүлдү
Ош шаарынын Анар  кичи  районунда жашаган көзү азиздер жана майыптарга Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев 68150 сомдук азык-түлүк тапшырды. Аталган райондун №18-үйүндөгү 45 квартиралуу  1-2-3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар улуу Рамазан айынан чогултулган …
Ош шаарында “Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн негиздери” аттуу тегерек стол өткөрүлдү
Кечээ, 27-июнда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин жыйындар  залында “Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн негиздери” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик  комиссиясынын Түштүк аймактык …
Алай районунун имамдарына нике каттоо журналынын жалпы тартиби жана максаты боюнча кыскача маалымат берилип, таратылды
Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылынын Маруфхан уулу Жолборскан атындагы борбордук мечитиндеги имамдарга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов  нике каттоо журналын тааныштырып, таратты.  Равшан ажы Эратов журналдын жалпы тартиби жана максаты боюнча кыскача маалымат берип, …

Акыркы жаңылыктар жана иш чаралары: