Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кыргызстандык ажылардан кабар алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Мекке шаарындагы ажылык амалдарын аткарууга белсенип жаткан кыргызстандык ажылардан кабар алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Азирети Муфтий ажылардын ден соолугун, маанайларын, даярдыгын сурап, алдыда улуу ибадатты орундатууну күтүп жаткан зыяратчыларга …

Дальше »

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы диний окуу жайлардын мугалимдерине билим берүү методикасынын жаңы ыкмалары окутулду

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар Хаджибеков Ош облусу жана Ош шаарындагы жалпы диний окуу жайлардын иш кагаздарын бирдиктүү иретке келтирүү максатында мугалимдерге семинар-тренинг өттү. Аталган семинар-тренингде Абдиназар Хаджибеков алгач диний …

Дальше »

Мелисбек ажы Тургунбаев: Ата-эне баласы үчүн жооптуу экендигин унутпаса!

Жаштарга  диний сабак берүү ата-энесинин уруксаты жана тыкыр көзөмөлүнүн алдында окутулушу баарыбыз үчүн ыңгайлуу болот. Мындай пикирди Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Курманбек аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен болгон жолугушууда билдирди. Жолугушууга Жалал-Аабад шаарынын …

Дальше »

Баткен облусунан 644 жаран ажылык амалдарын өтөө үчүн ыйык жайларга жөнөп кетишти

Баткен облусунан ажылыкка сапар алган жарандарды  узатуу саамалыгына  КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров,  район акимдери жана шаар мэри  катышты. Облус жетекчиси болочок ажыларды мекендин тычтыгы, өнүгүүсү …

Дальше »

Жалал-Абад шаардык хатибияты №704-аскер бөлүгүн зыярат кылып, жоокерлерге мекенди сүйүү, мекенге кызмат кылуунун баркы туурасында баяндама жасашты

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи шаарчасындагы  №704-аскер бөлүгүн зыярат кылып, жоокерлерге мекенди сүйүү, мекенге кызмат кылуунун баркы, диний экстремизм-терроризм, аракечтик, ата-энени урматтоо, сыйлоо, улуттар арасындагы ынтымак, достук жана туура …

Дальше »

Абдиллажан Оморов уулунун жылдыгын өткөрө турган каражатка мектептин короосуна брусчатка төшөп, жаңы дарбаза коюп берди

Майлуу-Суу шаарынын тургуну  Абдиллажан Оморовдордун үй-бүлөсү шаардагы №1-Чыңгыз Айтматов атындагы орто мектептин короосуна брусчатка төшөп, жаңы дарбаза коюп берди. Саамалыкты аталган үй-бүлө Азамат аттуу уулунун жылдыгынын урматына пайдалуу иш жасоону көздөшкөн. Бул тууралуу шаардын баш …

Дальше »

Самидин кары Атабаев Меккедеги ажыларга сабак өттү

Бүгүн, 9-июнь күнү 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын төрагасы Самидин кары Атабаев Мекке шаарындагы Азизиййе районунда жайгашкан «Якуб-бек» вакфына караштуу №7 конок үйүндө кыргызстандык ажыларга сабак өттү. Штаб башчы лекциясында ажылыктын пазилеттери, артыкчылыктары, шарттары, …

Дальше »

Жаңы келген ажы башчыларга жыйын өтүлүп, нускамалар берилди

Бүгүн, 8-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарында 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйналыш кереметтүү Куран менен башталып, штаб төрагасы Самидин кары Атабаев алып барды. Жыйын Меккеге жаңы келген ажы башчыларга багытталып, ажылык …

Дальше »

Ажылардын Ош-Жидда багыты боюнча акыркы реиси аткарылды

Бүгүн, 8-июнь күнү Ош эл аралык аэропортунан ажылардын Ош-Жидда багыты боюнча акыркы тобу Жидда шаарына учуп кетти. Бул боюнча Ош шаардык казыятынан маалымдашты. Быйылкы жылы Ош эл аралык аэропортунан жалпы 4208 жаран ажылык сапарына узатылып, …

Дальше »

Ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын кезектеги жыйыны өтүп, курмандык маселеси талкууланды

Бүгүн, 7-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын Мекке шаарында 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын кезектеги жыйыны өткөрүлдү. Жыйында ажылыкка кызмат кылуу, курмандык маселеси жана нарктамасы талкууланды. «Ажылык исламдагы өтө чоң ибадат. Беш түркүктүн бири. Андыктан мекендештерибиз улуу …

Дальше »

Кыргызстандык ажыларды тамак-аш менен камсыздоочу фирма текшерилди

2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб кыргызстандык ажыларды тамак-аш менен камсыз кылуучу «Аль-Кайан валь-Мумаййаз» фирмасын зыярат кылып, тамак даярдоо процессин жеринен текшерди. Текшерүүгө УРШ төрагасы Самидин кары Атабаев, БТК жетекчиси Бакыт ажы Нурдинов баштаган көчмө …

Дальше »

Көчмө штаб Меккеде ажы башчыларга алгачкы жыйынын өткөрдү

Бүгүн, 5-июнь күнү Сауд Араб Падышалыгынын ыйык Мекке шаарында 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынан ажы башчыларга алгачкы жыйын өткөрүлдү. Жыйын Алла Тааланын кереметтүү Сөзү болгон Куран окуу менен башталып, УРШ төрагасы Самидин кары …

Дальше »