Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ыйык Мекке шаарында ажылык амалдарын аткарып жаткан мекендештерибизден кабар алды. Жолугушууда Азирети Муфтий мекендештерибиздин ал-абалдарын сурап, ажылык мезгили жакындап келе жатканда ден соолукту жакшы карап, штаб кызматкерлери жана …
Дальше »Пресса
Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу иштери менен жеринде таанышты
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ыйык Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен жолугушуп, ажылыктын жүрүшү боюнча жеринде таанышты. Штаб кызматкерлери менен болгон жолугушууда Азирети Муфтий ажылар үчүн кызмат кылуу соопту, жоопкерчиликтүү иш экендигин …
Дальше »Курман айт майрамы 11-августта белгиленет
2019-жылдагы Курман айт майрамы 11-августта белгиленет. 2-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет. Ал эми 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке …
Дальше »Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар ыйык жайларды заярат кылышууда
Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар ажылык амалдары башталганча Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрү жана «Жабалу Нур» тоосу, «Хира », «Саур» үңкүрлөрүн зыярат кылышууда. «Ар бир ажы башчы өз тобундагы болочок ажырды ыйык жерлер менен тааныштырып, зыяраттарды, …
Дальше »Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекке шаарына келишти
Бүгүн, 22-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп келген Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекке шаарына келишти. Болочок ажыларды Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү жана Сауд Арабия Падышачылыгынын Ажылык министрлигинин алдындагы Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү мекемесинин …
Дальше »Медина шаарындагы Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекке шаарына жөнөп кетишти
17-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учуп келген кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу бүгүн, 21-июлда ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишти. Мекке шаарына келүүчү алгачкы топту тосуп алуу үчүн 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү даяр.
Дальше »Бүгүн, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учуп кетмекчи
Бүгүн, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина багыты боюнча “Манас” 2 эл аралык аэропортунан Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учуп кетмекчи. Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобун узатуу иш-чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Дин иштери …
Дальше »Муфтият битир-садакадан “Арди” реабилитациялык борборуна 40 миң сомдук азык-түлүк тапшырды
Бүгүн, 4-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын чарбачылык жана курулуш иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Алимбай Эргешов Бишкектеги Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Арди” реабилитациялык борборуна 40 миң сомдук азык-түлүк тапшырды. Аталган борбордун жетекчиси улуу Рамазан айынан чогултулган битир-садакадан жардам сурап, арыз …
Дальше »Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Ар бир ажы башчы өзүнө бөлүнгөн 49 ажыга жооптуу
Бүгүн, 29-июнда Бишкек шаардык борбордук мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин катышуусунда 2019-жылы ажыларды коштоп баруучу ажы башчылардын жыйыны болду. Ага Азирети Муфтийдин орун басары Замир каары Ракиев, КМДБнын ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн …
Дальше »Муфтияттын үгүт-насаат бөлүм башчысы Билалидин ажы Сайпиев Бишкектеги майып адамдарга 45 000 сом битир-садака таратты
Кечээ, 26-июнда Бишкек шаарындагы 6 кичи районунда жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын даават, үгүт насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев битир-садака таратты. Аталган райондон ыйык Рамазан айында I, II, III топтогу …
Дальше »Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Казакстандын Арыс шаарындагы кырсыкка байланыштуу Казакстандын Азирети Муфтийине жана дин башкармалыгынын төрагасына, казак элине көңүл айтты
24-июнда Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуу болуп, андан адам өмүрү кыйылып, ондогон адамдар ооруканада жатат. Бул каргашалуу окуяга байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана жеке өзүмдүн атымдан Казакстан Республикасынын Дин иштери боюнча башкармалыгынын төрагасына, Казакстан мусулмандарынын …
Дальше »Азирети Муфтий Оштогу “Козу кызы Бурмакан” аялдардын диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификат жана дипломдорду тапшырды
Ош шаардык мусулмандар казыятынын “Козу кызы Бурмакан” аялдардын диний окуу борборунун 2019-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө атайын дипломдор тапшырылды. Салтанаттуу иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Баткен облусунун казысы …
Дальше »