Аксы районунда 150 үй-бүлөгө 172 500 сомдук рамазан баштыктары таратылды

Кечээ, 12 май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда берекелүү Рамазан айына карата Түрк кызматташтык жана координациялык агенттиги (ТIКА)  район боюнча жашоо шарты начар аз камсыз болгон 150 үй-бүлөгө 1150 сомдук азык-түлүк кутучаларын таратты. Аксы …

Дальше »

Базар-Коргон районунда 160 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчалары таратылды

Кечээ, 11-май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун кулуну жеке ишкер Эрнист Акунбеков берекелүү Рамазан айында райондун аймагына караштуу 160 үй-бүлөгө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүккө толгон рамазан баштыкчаларын таратты. Райондук хатибият кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарында жеке ишкер тарабынан 20 үй-бүлөгө кой эти таратылды

Кечээ, 7-май күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарынын тургуну жеке ишкер  Алымкулов Эсенбай тарабынан 20 үй-бүлөгө 40 кг. 14 000 сомдук  кой эти жана 3 үй-бүлөгө  2 500 сомдук азык-түлүк таркатылды. Жалпы 16 500 сомду түздү. Бул …

Дальше »

Чаткал районунун баш имам хатиби баштык таркатууда үлгү болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун райондун  баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов үлгү болуу максатында өз каражатынын эсебинен 800 сомдук бир даана Рамазан баштыкчасын даярдап, аз камсыз болгон бир үй-бүлөгө жеткирип берген эле. Бул саамалыкты …

Дальше »

Жалал-Абад облусунда 96 үй-бүлөгө 142 000 сомдук ооз ачыруу баштыктары таратылды

Бүгүн, 8-май күнү Жалал-Абад облустук казыяты “Исар”  кайрымдуулук фонду менен биргеликте Жалал-Абад шаары, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун  аймагында жашаган 96 жетим балага ооз ачаар баштыкчаларын таратты. Бир баштыктын ар бири 1470 сомду түзүп, анда күнүмдүк …

Дальше »

Токтогул районунун борбордук мечитинде 45 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун борбордук мечитинде «Исар» кайрымдуулук фонду тарабынан райондун аймагындагы 45 жетим балага азык-түлүк жана таттуулар таркатылды. Кайрымдуулукту таркатууда райондун баш имам хатиби Алипбай ажы Борошбаев муктажтарды тизмеге алып, анын негизинде бөлүштүрүлүп …

Дальше »

Базар-Коргон райондук хатибияты аз камсыз болгон 45 үй-бүлөгө рамазан баштыкчаларын таркатты

Кечээ, 1-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук хатибияты аз камсыз болгон 45 үй-бүлөгө рамазан баштыкчаларын таркатты. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Шаиков Тынчтык ажы билдирди. Аталган азык-түлүк үч баштыкчадан түзүлүп, бирине — ун, экинчисине — …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жана тамак-аш азыктары таратылды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жана тамак-аш азыктары таратылды. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди. Анын айтымында, шаар ичиндеги кайрымдуу жарандардын көмөгү менен 11 үй-бүлөгө жалпы 11500 …

Дальше »

Рамазан айынын беркеси менен Базар Коргон райондук хатибияты тарабынан Рамазан баштыкчасы таратылды

Сауд Араб Падышачылыгынын жараны шейх Соолих Мазяддин демөөрчүлүгү астында «Мусулмандар бири-бирине жакшылык кылууда — бир дене сыяктуу» деген чакырыктын алкагында бүгүн, 29-апрелде Базар-Коргон райондук хатибият кызматкерлери тарабынан 50 жакыр үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. «Бүгүнкү азык-түлүк башка …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун коменданты Жеңишбек Жоробековдун катышуусунда дин кызматкерлеринин чукул жыйыны болду

Бүгүн, 28-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жайгашкан “Хызыр Алейхиссалам” жума мечитинде чукул жыйын болуп өттү. Жыйынга Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңишбек Жоробеков, Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков, областтык комендатуранын …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун куттуктоосу

Аллага чексиз шүгүрлөр, сүйүктүү пайгамбарыбызга салам жана салаваттар болсун! Ассалааму алайкум урматтуу мусулман бир туугандар! Бизди кайрадан орозо айына жеткирген Алла Таалага мактоолор болсун! Сиздерди жеке өзүмдүн атымдан жана Жалал-Абад облустук казыятынын атынан Ыйык Рамазан …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закиров баш имам хатибдерге онлайн жыйын өткөрдү

Бүгүн, 21-апрелде Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров облас аймагындагы район-шаарлардын баш имам хатибтери жана казыят кызматкерлерине онлайн жыйын өткөрдү. Жыйын Ыйык Куран аяттарын окуу менен башталып, өзгөчө абал башталгандан бери имам хатибтердин аткарган …

Дальше »