Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз каары Закиров умра ибадатына баруучу зыяратчыларга жыйын өттү

Кечээ, 24-декабрь Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров жана казынын орун басары Бакытбек ажы Түнгатаров умра ибадатына баруучу зыяратчыларга жыйын өткөрдү. Жыйында облус казысы умра сапарын Бакытбек ажы Түнгатаров жетектей тургандыгын билдирип, кичи ажылдык …

Дальше »

«Балдарга ыйман тарбиясын берүү, сабатсыздыгын жоюу ата-эненин милдети”,- Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев

Кечээ, 19-декабрда Жалал-Абад облустук казыятынын Ала-Бука районунун баш имам хатиби  Шумкарбек ажы  Чыналиев райондун “Ак-Там” айыл өкмөтүнө караштуу Низамидин Бекмамбетов атындагы №5 орто мектебинде окуган окуучулардын ата-энелери менен жолугушту. РИИБнүн кызматкери Рана Нематуллаева жана айыл …

Дальше »

Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев аким менен жолугушуп, ысырапкерчилик менен биргеликте күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Кечээ, 18-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун баш имам хатиби  Шумкарбек ажы Чыналиев Ала-Бука районунун акими  Эмилбек Абдыкадыров  жана аксакалдар кеңешинин төрагасы Самат Максымбеков  менен жолугушту. Жолугушууда  элибиздин социалдык жактан абалын  жакшыртуу максатында тойлордогу жана …

Дальше »

Базар-Коргон райондук хатибияты аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 20 тонна көмүр  таратты

Жалал-Абад  облусундагы  Базар-Коргон  районундагы жергиликтүү айылдарда жашаган үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардам иретинде акысыз көмүр таратылды. Мындай сооп ишти аталган райондун тургуну, атын атагысы келбеген кайрымдуу инсандын жардам катары 20 тонна көмүр аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө …

Дальше »

Чаткал районунда координациялык кеңешме болуп өттү

Кечээ, 12-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун администрациясынын жыйындар залында  координациялык кеңешме болуп  өттү. Кеңешмени  Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуман Накетаев алып барды. Координациялык кеңешке Чаткал районунун баш имам хатиби  Кубанычбек ажы Токонов, …

Дальше »

Сузак районунда Солихин мечитинде имамдарынын жыйыны өттү

Бүгүн, 12-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ырыс айыл округунда жайгашкан Солихин жума мечитинде имамдардын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров, Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы …

Дальше »

Аксынын Кара-Дөбө айылында 250 орундуу мечиттин ачылыш аземи болду

Кечээ, 11-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл аймагындагы Кара-Дөбө айылында 250 орундуу “Кара-Дөбө” атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков, Кара-Дөбө айылынын айыл башчысы Сабыр …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Чынгыз Айтматовдун өмүр баянына арналган чакан иш-чарага катышты

Кечээ, 10-декабрда Жалал-Абад мамлекеттик университетине караштуу Майлуу-Суу колледжинде улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун өмүр баянына арналган чакан иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чарага Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков дагы катышып, атактуу жазуучунун “Адамга эң кыйыны …

Дальше »

Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Акман айыл аймагынын имамдарына жыйын өткөрдү

Кечээ, 9-декабрда Жалал-Абад облусунун  Базар-Коргон районун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков Базар-Коргон райондук борбордук “Ак-Тайлак” атындагы жума мечитинде жайгашкан хатибият идарасында Акман айыл аймагынын имамдарын кабыл алып, алардын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алды. Жыйын бир …

Дальше »

Ырыс айыл аймагынын  имам хатиби  Фарахид  ажы Мойдуновдун демилгеси менен 5 балага акчалай жардам берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын  имам хатиби  Фарахид  ажы Мойдуновдун демилгеси менен, аталган айыл  аймака караштуу имамдар өз жандарынан 10 000 (он миң) сом акча каражатын жыйнашты. Жыйналган акчаны майыптар күнүнө карата мүмкүнчүлүгү чектелген экинчи …

Дальше »

Ала-Буканын Орто-Токой айылында 300 орундуу мечит ишке берилди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл аймагындагы Орто-Токой айылында 300 орундуу “Орто-Токой” атындагы мечитинин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине райондун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев “Өрүктү” айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Кийикбаев жана …

Дальше »

Чаткалдын Сумсар айылындагы мечит жылуулук менен камсыздалды

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Сумсар айылындагы “Муратбек уулу Жакыпбек” атындагы мечит жылуулук менен камсыздалды. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов билдирди. Анын айтымында, учурда бардык мечиттерди кышка карата жылуулук менен камсыздоо иштери …

Дальше »