Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков: Жылдын аягына чейин пландалган ишибиздин аягына чыгууга аракет көрөбүз

2020-жылдагы аткарылып жаткан иштерди талкуулашты. Облус казысы пандемияга байланыштуу бир топ пландык иштер үзгүлтүккө учурагандыгын билдирип, мындан ары жыл башында бекитилген пландык тапшырмаларды аткарууга казыят бардык күчүн жумшоосу керектигин баса белгиледи.    “Кырдаалга байланыштуу имамдардын, дааватчылардын билимин жогорулатуу курстарын өткөрүү иштерин эсепке …

Дальше »

Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов казыят кызматкерлерине жыйын өткөрүп, мечиттердин санитардык абалын көзөмөлдөө керектигин эскертти

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов казыят кызматкерлерине жыйын өткөрүп, мечиттердин санитардык абалын көзөмөлдөө жана жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ысырапкерчиликке каршы күрөшүү, имамдардын ишмердүүлүгү жана күз мезгилиндеги ишембиликтерди өткөрүүгө даярдык көрүү жаатындагы тапшырмаларды берди.  «Диний кызмат өтө …

Дальше »

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ош шаарындагы «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде имамдар жана медресе мүдүрлөрү менен жолугушуп, алардын отчётун укту

Бүгүн, 25-августта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев ордолуу Ош жергесине жасаган расмий иш сапарынын алкагында борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде шаардагы бийлик өкүлдөрү, жалпы мечит имамдары, медресе мүдүрлөрү жана мугалимдер менен жолугушту. Аталган иш-чарага Жалал-Абад, Баткен, …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Биринчи май районунун имамдары менен жолугушуп, мечиттерди каттоодон өткөрүүдөгү көйгөйлөр менен таанышты

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев Биринчи май районунун жалпы имамдары менен жолугушуп, мечиттердин каттоосун тездетүү боюнча тапшырма берди. Жыйындын жүрүшүндө каттоодон өтө элек мечиттердин көйгөйлөрү каралып, жаңы конуштарда жайгашкан мечиттердин көпчүлүгү жердин документтери толук бүтө электигине байланыштуу мүмкүн …

Дальше »

Таласта баш имам хатибтердин тажрыйба алмашуу боюнча чакан кеңешмеси өттү

Манас райондук хатибиятында  эки райондун  баш имам хатибдеринин  тажрыйба алмашуу боюнча  чакан кеңешмеси өттү. Кара — Буура районун мурдагы баш имам хатиби Майрамбек ажы Казакбаевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө  байланыштуу  Кара — Буура районуна жаңы дайындалган баш …

Дальше »

Элдин демөөрчүлүгү алдында Шарк айылындагы «Бабалашкар» мечити оңдоп-түзөөдөн өттү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы «Бабалашкар» мечитинде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, ибадат кылуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Шарк айыл аймагынын жооптуу имам хатиби Рахимжан ажы Нишановдун айтымында  мечиттин жергиликтүү жамааты колдон келген жардамдарын беришкен. «Жаратканга …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Биринчи май жана Свердлов райондорунун башкы имам хатибдери менен жолугушуп, мечиттердин каттоо иштери менен таанышты

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир кары Ракиев шаардын Биринчи май жана Свердлов райондорунун башкы имам хатибдери менен жолугушту. Жолугушууда шаар казысы мечиттердеги тазалык, мечиттердин документтерин толуктоо жана мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттердин кагаз иштерин тездетүү боюнча …

Дальше »

Баткендеги диний окуу жайлар онлайн кабыл алууну улантышууда (ТИЗМЕ)

Баткен облусунун аймагында жайгашкан диний окуу жайларга кабыл алуу онлайн тартипте уланууда. Өлкөдөгү кырдалга байланыштуу аймактагы окуу жайлар быйыл окуу жылын аралыктан окуп,  аякташкан. Учурдагы кырдаалга байланыштуу окуу жайлар  аралыктан окуутуга даярдык көрүп жатышат. Баткен …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы борбордук мечиттин имамдары менен жолугушуп, намаз убактысы жана жамаатты намаз окутууда өтө кылдат мамиле жасоого чакырды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир кары Ракиев борбордук мечиттин имамдары менен жолугушуп, намаз убактысына так болуп, жамаатты намаз окутууда өтө кылдат мамиле жасоого чакырды. Муну менен катар имам болгон кызматкердин сырткы кийими таза болгон сыяктуу эле ички …

Дальше »

ӨКМ кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы жума мечиттерди дезинфекциялады

Кечээ, 19-августта ӨКМ кызматкерлери Жалала-Абад шаардык хатибияты менен биргеликте шаарда жайгашкан жума мечиттерди  дезинфекциялады. Бул туурасында Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби Ордобек ажы Оморбеков билдирди.  “ӨКМ кызматкерлеринин элибиздин саламатчылыгы үчүн жасап жаткан иштерине ыраазычылык билдиребиз. …

Дальше »

Папан айылындагы стационар катары берилген мечит жана диний окуу борборуна жергиликтүү эл 386 миң сомдук медициналык жардам көрсөттү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл  аймагындагы «Арал» окуу борбору жана «Бөрү» мечити  8-июнь күнү бейтаптарды кабыл алуу үчүн күндүзгү стационар катары пайдаланууга берилген. Бардык шарты бар стационар 38 орунга ылайыкталып, учурда бейтаптар кабыл алынууда. Аталган стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын тез …

Дальше »

«Жанбото ата» мечитинин дааратканасы кеңейтилип, жарандар үчүн жакшы шарт түзүлдү

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Жанбото Ата» мечитинин дааратканасы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, колдонулууга берилди. Бул туурасында  мечиттин имам хатиби Камилжан кары Муратов билдирди. Анын айтымында мечиттин жергиликтүү жамааты колдон келген жардамдарын беришкен. «Мечитибиз чакан, бирок базардын аймагында …

Дальше »