Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборун 76 студент аяктаса, 18 студент Куранды толук жаттаган

Кечээ, 19-июль күнү Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар  тапшырылды. Окуу борборду 76 студент аяктап, алардын ичинен 18 студент  Куранды толук жаттаса, 34 студент  Куранды толук окуганды өздөштүрүштү. «Окуу …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы шаардагы эскилиги жетип, учурда жаңыланып жаткан “Азирети Аюб” мечитинин курулушу менен жеринде таанышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков  Жалал-Абад шаарындагы эскилиги жетип, учурда жергиликтүү демөөрчүлөр жана “Ас-Санабил” фонду тарабынан жаңыланып жаткан “Азирети Аюб” мечитинин курулушу менен жеринде таанышты. Мечит 1991-жылы курулуп, 2000 кишиге ылайыкташкан. Учурда шаардын …

Дальше »

Азирети муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев Ош шаарына иш сапары менен барып, шаардык казыяттын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин  орун басары Самидин кары Атабаев Ош шаарына иш сапары менен барып, шаардык казыяттын  ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Азирети Муфтийдин орун басары казыяттын  жылдык иш планынын аткарылышын текшерип, диний абал боюнча шаар …

Дальше »

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Покровка айылында курулуп жаткан хатибияттын жана мечиттин курулуш иштеринен кабар алды

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Манас районуна иш сапары менен барып, Покровка айылында курулуп жаткан хатибияттын жана мечиттин курулуш иштеринен кабар алды. Райондун баш имам-хатиби Миржалжал ажы Дадабаев хатибияттын курулушу боюнча маалымат берип, кызматкерлер …

Дальше »

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура жана Манас районунун имамдары менен жолугушуп, алардын отчётторун укту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура жана Манас  районунун имамдары менен жолугушту.  Аймактагы дин кызматкерлери менен болгон жолугушууда облус казысы мечиттердин документ иштеринин бүткөрүлүүсү, фатва,  буйруктардын аткарылышы жана экстремизмдин  алдын алуу маселеси боюнча …

Дальше »

Азирети Муфтий Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев бүгүн, 20-июль күнү Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери жана Кыргыз Республикасындагы диний абал боюнча …

Дальше »

ФОТО: Ыйык Мекке шаарынан сапар алган Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына жетишти

Ыйык Мекке шаарынан Жидда-Бишкек багыты боюнча учуп кеткен Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына жетишти. Ажыларды Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган КМДБнын эмгек жамааты тосуп алышты.

Дальше »

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек шаарына учуп кетүү үчүн Жидда аэропортуна жөнөп кетишти

Ыйык Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Жидда-Бишкек багыты боюнча Бишкек шаарына учуп кетүү үчүн Жидда аэропортуна жөнөп кетишти. Алгачкы каттамда 406 жаран сапар алышып, Сауд Арабиянын убактысы боюнча кечки саат 23:45те учуп кетишмекчи. Ал …

Дальше »

Бишкектеги борбордук мечитте аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бишкек шаарындагы борбордук мечитте аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен азык-түлүк таратылды. Шаар казысы кайрымдуулук иштери ыйык Рамазан айынан тарта уланып келе жаткандыгын айтып, муктаж үй-бүлөлөр үчүн чоң жардам экендигин билдирди. «Кайрымдуулук …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары менен жолугушуп, бир катар тапшырмаларды берди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы  Маматов мамлекеттик эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин жооптуу имамдары менен жолугушуп,  каттоо иштерин бүткөрүү тапшырмасын берди. Шаар казысы мечиттерди каттоодон өткөрүүдө учурда жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын айтып, имамдарды жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.

Дальше »

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров иш сапары менен Зардалыга барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров иш сапары менен  алыскы Зардалы айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда облус казысы диний абал, казыяттын ишмердүүлүгү жана ысырапкерчилик, ынтымактын маанилүүлүгү туурасында баяндама жасады. …

Дальше »

Сузактын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов “Зухриддин эшен” атындагы мечитинин оңдоп-түзөө иштери менен таанышты

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы  Исмаилов   “Зухриддин эшен” атындагы мечитинин оңдоп-түзөө иштери менен жеринде таанышты. Аталган мечиттин дааратканасынын эскилиги жетип, учурда жарандар үчүн жаңы шарттар түзүлүүдө. Муну менен катар мечиттин намаз окуучу аянтын тегиздөө иштери жүргүзүлүп, …

Дальше »