Араванда 300 орундуу жаңы Ислам-Абад мечити пайдаланууга берилди

Ош облусунун Араван районуна караштуу Чек-Абад айылдык аймагында 300 орундуу жаңы Ислам-Абад мечитинин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Араван районунун …

Дальше »

Кант шаарында көп балалуу 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Чүй облусунун Кант шаардык хатибияттын демилгеси менен «Джами Джадид» мечиттин жааматы каражат топтоп, шаар ичиндеги көп балалуу жана жетим 50 үй-бүлөгө акысыз көмүр таратылды. Бул иш-чара Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун тапшырмасы боюнча ишке ашып, …

Дальше »

Ош облусунун казызысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев Араван районунда курулуп жаткан хатибияттын курулуш иштери менен таанышты

Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев Араван районунда жаңы салынып жаткан хатибияттын курулуш иштери менен жеринде таанышты. Ага Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков жана Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы …

Дальше »

Ош шаардык мусулмандар казыятынын бухгалтери Билал ажы Надыров БТКнын Ардак грамотасы менен сыйланды

Ош шаардык мусулмандар казыятынын бухгалтери Билал ажы Надыров Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын «Ардак грамотасы» менен сыйланды. Сыйлыкты Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Жунус ажы Саранов тапшырып, Билал ажыга мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады. …

Дальше »

ЖАРЫЯ! диний кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында «БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК» аттуу китеп окуу конкурсу жарыяланат

Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети КР диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын талабын ылайык диний кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу максатында «БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК» аттуу китеп окуу конкурсун жарыялайт. Баш байге: БИР БӨЛМӨЛҮҮ БАТИР. …

Дальше »

Талас облусунда “Адам жаны аманат” аталышындагы иш-чара уланууда

Талас облусунун Бакай – Ата, Кара — Буура райондорундагы айдоочуларга райондун баш имам хатибтери “Адам жаны аманат” аталышындагы апталык иш-чарасын өткүрүштү.  Иш-чарага жол коопсуздугун алдын алуу  инспектору жана жергиликтүү имамдар катышышты. Анда дин кызматкерлери жөө …

Дальше »

Чүй казыяттын иш башкармасы ден соолугунан мүмкүнкүлүгү чектелген жарандардан кабар алып, азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөттү

Чүй казысы Руслан ажы Жумагуловдун демилгеси менен, казыят жана райондук хатибияттардан каражат топтолуп, Токмок шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүлдү. Аталган иш-чараны Чүй казыятынын иш башкармасы Кубан ажы Бекешов уюштуруп, Токмоктогу №1 психоневрологиялык социалдык стационардык …

Дальше »

Нарын облусунун аймагында «Адам жаны аманат» аталышындагы иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Нарын облусунун бардык райондорунда жана Нарын шаарында «Адам жаны аманат» аталышындагы иш-чара өткөрүлүп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу жана Нарын облусунун мусулмандар казысы Мамбетасан ажы Ибраевдин тапшырмасы менен …

Дальше »

Ысык-Көлдө дагы бир имамга “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү автоунаа белекке берилди

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын тургуну Чыңгыз Турготов жергиликтүү мечиттин имамы Кылыч Орозбактиевге өз ыктыяры менен  “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү автоунааны белекке берди. Муну менен катар дагы бир айыл тургуну баасы 7 миң сом турган …

Дальше »

Эрик Молдокулов Нарын облусунун казысынын орун басары болуп дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин макулдугу менен, Нарын облусунун мусулмандарынын казысы Мамбетасан Ибраевдин буйругу менен Нарын облусунун казысынын орун басары  Молдокулов Эрик Тыныбекович дайындалды. Молдокулов Эрик Тыныбекович 1985-жылдын 15-январында Нарын облусунун  Кочкор районунун …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби окуучуларды адептүүлүкө чакырды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков аталган шаардагы №8-орто мектебинин 9-классынын окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабда Майлуу-Суу шаардык хатибиятынан билдирди. Абсатар ажы окуучуларга жолдо жүрүүнүн адептери, ыйман боюнча баяндамасын …

Дальше »

Жар тандоо

Ааламдардын Жаратуучусу Аллахка мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага (с.а.в) Аллахтын саламы жана рахматы болсун. “Дуррул Мухтар” аттуу фикх китебинин нике темасы мындай сөздөр менен башталат. Адамзат үчүн нике жана ыймандан башка ал тургай Бейиште да …

Дальше »