Жоробай ажы Шергазыев Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресесинин студенттери менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев   Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге «Илим алуу жана напсини тарбиялоо» темасында баяндама жасады. “Динибиз илим алууга чакырат. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: “Көп жеп, көп ичүү менен жүрөктөрүңөрдү өлтүрбөгүлө. Анткени, көп …

Дальше »

Айыл имамы: Мугалим тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышына ата-эне кызыгып, окуучуларга жардам берүүлөрү милдеттүү

Талас облусунун Кара – Буура районуна караштуу  Кызыл – Адыр айылындагы Манас атындагы орто мектебинде жаштар арасындагы рэкетчиликтин алдын алууда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында   айылдын имамы Марлис Тологонов  билдирди. Айыл имамынын айтымында Кызыл – …

Дальше »

Жоробай ажы Шергазыев: Ар бир тапшырманы жоопкерчилик менен аткарып, эң башкысы элибиздин тынчтыгы үчүн эмгектенели

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев  Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустук казыяттын идарасында болуп, казыят кызматкерлери,  шаар, райондун баш имам хатибдери , диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен жолугушту. Жолугушууда  Жоробай ажы Шергазыев  ыйык Рамазан айына даярдык көрүү тапшырмасын берип, дин кызматкерлерин жоопкерчилик жана …

Дальше »

Манас районундагы 48 муктаж үй-бүлөгө 72 000 сомдук азык-түлүк жардам катары берилди

Бишкек шаарынын жаштары  Талас облусунун Манас районундагы  48 үй-бүлөгө азык-түлүктөрдү жардам катары тапшырып берди. Бул туурасында Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев билдирди. Баш имам хатибдин айтымында мындай жардамдарды Бишкек шаарынын жаштары бир …

Дальше »

Аравандагы кыз-келиндер үчүн Рамазан айына карата китеп окуу конкурсу уюштурулду

Ош облусуна караштуу Араван районундагы маданият үйүндө ыйык Рамазан айынын урматына «Кош келдиң Рамазан» аттуу онлайн китеп окуу конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган саамалык Араван районунун хатибияты жана «Муслима Букс» китепканасы менен биргеликте уюштурулду. Конкурс аялзатына арналып уюштурулуп, …

Дальше »

2021-жылдагы ыйык Рамазан айы 13-апрелинде башталат

Кыргызстан Мусулмандарынын  Дин Башкармалыгы Аалымдар Кеңешинин №1 токтомунун негизинде 2021-жылдагы ыйык Рамазан айынын биринчи күнү деп,  13-апрель белгиленгендигин жарыялайт. Көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырма болуусу мүмкүн.

Дальше »

Имамдын демилгеси жана демөөрчүлүгү менен Кара-Суу районунда спорттук иш-чара өттү

Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Киров айылында жайгашкан «Умар» мечитинин  имамы Тайир Данияр уулу   Рамазан   айынын урматына карата Кара-Суу районунун шаар жана айыл өкмөттөрүнүн жаштарына футбол оюну боюнча  мелдеш өткөрүүнү  демилгелеп, демөөрчүлүк кылды. Иш-чарага Сарай айыл өкмөтүнүн  башчысынын милдетин …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Ош облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Рамазан айына карата даярдыктарды баштоо боюнча тапшырма берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети  Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Ош облустук мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, Рамазан айына карата даярдыктарды баштоо боюнча тапшырма берди. Жолугушууга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын эмгек …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Ош облустук казыятынын алдындагы аялдардын окуу борборлорунун жамааты менен жолукту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев иш сапары менен Ош облусунун мусулмандар казыятына келип, аялдардын окуу борборлорунун жамааты менен жолукту.  Айымдар менен болгон жолугушууда  «напсини тарбиялоо»,  «акылды туура пайдалануу»,  «балдардын тарбиясы»,  «илим алуу», «үй-бүлөнү сактоо», «адал-арам» жана   «жан дүйнө азыгы» темаларында баяндамасын жасады. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары …

Дальше »

Ош шаарындагы «Файсал» жана «Абдулазиз» мечиттеринин жамааты шаардагы кабырлардын айланасын тазалашып, көчөт отургузуу иштерин жүргүзүштү

 Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Файсал» жана «Абдулазиз» мечиттеринин имамдары мечиттердин айланасын тазалоо менен гана чектелбестен, демилге көтөрүшүп,  кабырлардын айланасын тазалоо жана дарак отургузуу иштерин жүргүзүштү.  «Кабыр — бул жүрөктөрдү таза кармап, өлүмдү эстөө менен бул дүйнөнүн убактылуу экендиги …

Дальше »

КМДБнын Орусиядагы өкүлү иш сапары менен Жалал-Абадка барып, облус казысы менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы  Нематулла ажы Жээнбеков менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда облус казысы казыяттын ишмердүүлүгү жана алдыда аткарылуучу пландар менен тааныштырды. Муну менен катар Орусиядагы мекендештердин ыйманы, …

Дальше »

Ош облустук казыятында айымдар үчүн «Бактылуу үй-бүлө куруунун сыры» аттуу семинар өттү

Бүгүн, 1-апрель күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын борбордук мечитинде аялдар үчүн «Бактылуу үй-бүлө куруунун сыры» аттуу семинар өтүп, аялдардын үй-бүлөдөгү орду, уяттуулук, шарияттагы үй-бүлө куруунун максаты жана эркектердин үй-бүлөлүк жашоодогу милдеттери боюнча темалар талкууланды. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, облус …

Дальше »