Сузак районунда айыл округ имамдарынын көчмө жыйыны өттү

Бүгүн, 4-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунда жайгашкан «Мундуз» мечитинде айыл округ имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны өттү. Көчмө жыйынга Сузак районунун  баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов  жана айыл округ  имамдары катышты. …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган кыргызстандык делегация Түркия Диянет (Дин) Башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Түркия Республикасына болгон иш сапардын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, төрага орун басары, илимдин доктору Ниязали ажы Арипов, жооптуу катчы Акылбек Халбеков жана КМДБнын юристи Нурбек Ысманов баш кеңсеси Анкара шаарында …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган делегация Түркияга расмий иш сапар менен барышты

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган делегация бүгүн, 4-декабрда Түркия республикасына расмий иш сапар менен барды. Делегациянын курамында Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары, илимдин доктору Ниязали ажы Арипов, жооптуу катчы Акылбек Халбеков, …

Дальше »

Жеке ишкер Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевге «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унааны белекке берди

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевге аталган райондун тургуну, жеке ишкер Аман Мамырбеков «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү авто унааны белекке берди. Унааны тапшыруу иш-чарасы Ала-Бука районунун борбордук “Мухаммад Захид” атындагы мечитте болуп, анда …

Дальше »

Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятында баш имам хатибтер 11 айда жасаган иштери тууралуу отчет тапшырышты

Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятында райондук, шаардык баш имам хатибтери жыл жыйынтыктаган отчетторун тапшырышты. Жыйынга КМДБнын отчёт текшерүү комиссиясынын адиси Шерик ажы Карабеков, казынын орун басары Бакытбек ажы Тунгатаров  катышты. Жыйында алгач отчет тапшыруунун алдында Шерик …

Дальше »

Баткен облустук казыяты аялдар үчүн бир күндүк окуу семинарын өткөрдү

Бүгүн, 3-декабрда  Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан аялдардын диний сабатсыздыгын жоюуда жыйын болду. Иш-чарага Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуртов  жана Баткен шаары жана Баткен районунун айылдарынан келген аялдар катышты. Облус казысы аялды сыйлоо, …

Дальше »

Кадамжайда мектеп окуучуларын адептүүлүккө чакырган иш-чара болуп өттү

Кечээ, 2-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылындагы Исфайрам атындагы мектебинде жогорку кластын окуучуларына адеп-ахлак туурасында тарбиялык саат болду. Иш-чарага Кадамжай районунун Майдан айылынын  имамы Алип Көчкөнбаев,  мектеп директору Кубатбек Искендеров мугалимдер катышты. Айыл имамы …

Дальше »

«Молдо Шариф» мечитинин имамы Абдуманап Юнусов үй-бүлөсүнүн атынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга зыярат кылды

Талас облусунун Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы «Молдо Шариф» мечитинин имамы Абдуманап Юнусов  3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата, Үч-коргон айыл өкмөтүнүн алдындагы кризистик борбордо тарбияланган, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга зыярат кылып, үй-бүлөсүнүн атынан күнүмдүк керектелүүчү тамак-аш азыктарын …

Дальше »

Нарын шаарында «Ыйман кечеси» белгиленди

Нарын облустук музыкалык драма театрында Нарын казыяты жана «Адеп Башаты» диний уюмунун Нарын облусундагы филиалы тарабынан уюштурулган «Ыйман кечеси» аттуу 2 күнгө созулган иш-чара болуп өттү. Куран окуу жана салават айтуу менен башталган иш-чарада алгач …

Дальше »

Талас облустук казыятынын алдындагы аялдар борборунда 500гө жакын айым илим алышты

Талас облусунун мусулмандар казыятынын алдындагы аялдар үчүн окутуу борборунан бүгүнкү күндө  облустун ар кайсы аймагынан 500дөн ашуун кыз-келиндер диний сабатсыздыгын жоюшту. Бул тууралуу казыяттын аялдар бөлүмүнүн  кызматкери Максуда Таштанбекова билдирди. Анын айтымында, борбор 2013-жылдан бери …

Дальше »

Манас районундагы мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу иштери жүрүүдө

Кечээ, 3-декабрда Талас облустук казыятынын алдындагы Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Үч-коргон айыл аймагынын башчысы Мелис Ахматов менен жолугушту. Жолугушууда  мечиттердин ички жана тышкы коопсуздуктары алдын алуу боюнча сүлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзгөчө өрт …

Дальше »

Ош шаарында Умра ибадатын уюштуруу иштери башталды 

Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов шаардагы жума окулуучу мечит имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйындын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган Умра ибадатын уюштуруу иштерин жүргүзүү жана жума баянынын акыркы 10 мөөнөтүндө …

Дальше »