2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3350 АКШ долларын түздү. Төлөмдөр 26-февралдан тарта кабыл алына баштайт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы 2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация 3350 АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн маалымдайт. 2019-2020-жылдары ажылык серверге катталып, 500$ АКШ долларын төлөп, кезек күтүп, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган …

Дальше »

ЖАРЫЯ! Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы I “Куран жазы” аталышындагы республикалык Куран жарышын өткөрөт

Үстүбүздөгү жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышын өткөрүлөт. Эртең, 26-февралдан 28-мартка чейин бардык облустук жана шаардык …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ноокат районунун имамдардын жыйынында ысырапкорчулук менен күрөшүүгө чакырды

Кечээ, 23-февралда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Ош облусунун Ноокат районунун имамдарына ашыкча ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, окуу бөлүмүнүн адиси Акжол ажы Бакиров, …

Дальше »

“Мусулмандын адеп-ахлагы” деген темада айымдар үчүн окуу семинары өткөрүлдү

Бүгүн, 22-февралда Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмү тарабынан ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү уюштурулуп жаткан айымдар үчүн кезектеги окуу семинары өткөрүлдү. …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кувейттеги “Ихья ат-Турос аль Ислами” бирикмесинин өкүлү Атиф Ибрахим Рифаъий менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Кувейттеги “Ихья ат-Турос аль Ислами” бирикмесинин өкүлү Атиф Ибрахим Рифаъий менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда “Ихя Турос Ислами” фонду менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосундагы кызматташтык, дин кызматкерлеринин билимин …

Дальше »

Кыргызстандагы диний окуу жайларынын мугалимдери квалификациялык билим деңгээлин жогорулатышты

Бүгүн, 20-февралда Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын диний окуу жайлар бөлүмү Кыргызстандагы диний окуу жайларында эмгектенген мугалимдердин квалификациялык билим деңгээлин жогорулатуу максатында 3 күндүк окуу семинарын өткөрдү. Окуу семинарында лекторлор Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун …

Дальше »

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Муфтияттын ишмердүүлүгүнө «Эң жакшы» деген бааларын беришти

Бүгүн, 2020-жылдын 15-февралында Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев, Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Ниязали ажы Арипов, Фархат ажы Юсупов жана АКнын мүчөлөрү катышты. Аалымдар …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Ивановка айылынын борбордук мечитине барып, жергиликтүү элди улут аралык ынтымакка чакырды

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын борбордук мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууга Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков, Ысык-Ата районунун акими Байыш Курманов …

Дальше »

2020-жылдагы ажыларды эмдөө боюнча дарыларды Кыргызстанга алып келүү милдетин «Фарватер» ишканасы алды

Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабы 2020-жылдагы ажылык мезгилинде ажыга баруучуларды менингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүүчү тараптар ортосунда конкурс өткөрдү. Конкурста «Фарватер» ишканасы татыктуу деп табылып, 2020-жылдагы ажыларды …

Дальше »

Кыргызстандык ажыларды ыйык Мекке жана Мединага «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт. Авиабилеттин наркы аныкталды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда конкурс өттү. Конкурска Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, КРдин жарандык авиациясынын жана …

Дальше »

Ажылардын формасын тигүүчүлөр ортосунда жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Кечээ, 30-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылга карата ажылык сапарына кийип жүрүүчү кийимдерди (жилет) даярдоо боюнча ишкерлердин арасында сынак өттү. Сынакка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары жана Убактылуу республикалык штабдын төрагасы Жоробай …

Дальше »

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүн Жусубалиев Азирети Муфтийдин “Ардак грамотасы” менен сыйланды

26-январда Москва шаарындагы 6 миң орундуу “Крокус Сити Холл” залында сүйүктүү Пайгамбарыбыз (САВ) урматына карата Мавлид кечеси өткөрүлдү. Бул саамалыкта Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КМДБнын Орусия Федерациясындагы өкүлү Сүйүн ажы Жусубалиевди КМДБнын …

Дальше »