ФОТО-Сауд Араб Падышачылыгы кыргызстандын ажылыкты уюштуруу ишине «эң жакшы» деген баасын берип, 6110 квота бөлдү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман Машад менен жолугушуп, 2019-жылдагы ажылыкты талкуулашып, андагы жетишкендиктерге токтолушту. САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстандын 2019-жылы …

Дальше »

Медина шаарында умра ибадатын аткарып жүргөн кыргызстандык зыяратчылар ыйык Мекке шаарына сапар алышты

Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарында умра ибадатын аткарып жаткан кыргызстандык зыяратчылар ыйык Мекке шаарына жөнөп кетишти. Бул туурасында жеринде ажы башчы милдетин аткарып жүргөн Бактыбек ажы Түнгатаров билдирди. Умра ибадатын аткарып жүргөн зыяратчылардын ден соолуктары жана ал абалдары жакшы.  «Кыргызстан Мусулмандарынын Дин …

Дальше »

2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн 7525 жаран акча каражатын төлөдү

2020-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн 16-декабрдан 30-декабрь, саат 17:00го чейин 7525 жаран РСК банкына акча каражатын төлөгөн. Учурда ажылыкка катталган жарандардын документ иштерин толуктоо иштери жүргүзүлүүдө. Эскерте кетсек, быйыл ажылык сапарына каттоо иши 16-декабрда башталып, …

Дальше »

Бүгүн, 30-декабрда ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды каттоо аяктайт

2020-жылдагы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде бүгүн, 2019-жылдын 30-декабрында саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн …

Дальше »

Азирети Муфтий жана Азирети Муфтийдин орун басары КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ыраазычылык баракчасы жана ардак грамотасы менен сыйланышты

Бүгүн, 27-декабрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү. КР ДИМКнын 2019-жылдагы иш-аракеттеринин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата ведомствонун планын талкуулоо маанилүү темалары болду. Жыйында КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов 2019-жылы диний …

Дальше »

2020-жылдагы ажылык сапарына каттоо 16-декабрдан 30-декабрь, саат 17:00гө чейин жүргүзүлөт (Талаптар)

2020-жылдагы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде 2019-жылдын 16-декабрынан 30-декабрь, саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн …

Дальше »

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борборунун башкы директору менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борборунун башкы директору Дато Сери Абдул Гани Дауд, Заин Азраи Рашид, Сити Сара Хуссин айым менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтийдин орун басары Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын алдында иш алып барып жаткан адал индустриясы туурасында маалымат …

Дальше »

Муфтият Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борбору менен кызматташат

Бүгүн, 12-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  Малайзиянын туризм министрлигине караштуу туризм Ислам борборунун башкы директору Дато Сери Абдул Гани Дауд, Заин Азраи Рашид, Сити Сара Хуссин айым менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө, эки өлкө ортосундагы достук алаканы чыңдоо жаатында пикир алышты. Эки тараптуу жолугушууда Малайзиянын …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Берлин шаарында мусулмандардын XV Эл аралык форумуна катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кечээ, 10-декабрда Германиянын баш калаасы Берлин шаарында эки күнгө созулган мусулмандардын XV Эл аралык форумуна катышууда. Форумга 20 мамлекетте иш алып барган ислам, иудаизм жана христиан дининин өкүлдөрү катышууда. Форумдун …

Дальше »

АЖЫЛЫК-2020: 2020-жылдагы ажылык иштерин баштоо боюнча ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны өттү

Бүгүн, 10-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2020-жылдагы ажылык иштерин баштоо боюнча ажылыкты уюштуруу штабынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Жыйында 2020-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев ажылыкты уюштуруу жоопту жана соопту иш …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын жыйындар залында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын жалпы имамдарына жыйын өткөрдү. Ага КМДБнын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы …

Дальше »

ЖАРЫЯ! Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Умра ибадатын уюштурууну баштады

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Умра ибадатын уюштурууну баштады. Умра ибадатын аткаруу үчүн ыйык Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар үчүн каттоо жакынкы убакытта облустук жана шаардык казыяттарда жүргүзүлөт. «Абу Хурайра р.а риваят кылган хадисте, …

Дальше »