Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына 34 миң даана Куран китеби келди

Бүгүн, 11-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келди. Ал китептер Муфтияттын түзүмүндөгү 9 казыятка таратылып берилмекчи. Куран китептен жалпы саны 34 миң даананы түзөт. …

Дальше »

«Имам Азам» мечитинин дааратканасы заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Имам Азам» мечитинин дааратканасы имамдын демилгеси менен заман талабына ылайык түрдө оңдоп түзөөдөн өткөрүлүүдө.  «Дааратканабыз кичине болгондуктан, жума намазына келген жамаат даарат алууга жетишпей калчу. Биз жамаат үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү …

Дальше »

Араванда 2 кабаттан турган хатибият курулууда

Ош облусуна караштуу Араван районунун борбордук мечитинин бет маңдайында жаңы диний имарат (хатибият) курулууда. Курулуш иштеринин жүрүшү менен облус казысы Самидин кары Атабаев казыят кызматкерлери жана райондун башкы имам хатибтери менен биргеликте кабар алды. Хатибият 2 кабаттан …

Дальше »

Фоторепортаж — Өлкөнүн бардык аймагында жума намазы сактык чараларды так сактоо менен өткөрүлдү

Республикалык штабдын чечимине ылайык, санитардык сактык чараларын толук сактоо менен өлкөбүздөгү бардык мечиттердин ишмердүүлүгүнө уруксат берилген. Ага ылайык, жума жана беш убак намазын окууда мечитке келген ар бир жаранга Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан сантирдык …

Дальше »

Муфтият элибиздин амандыгын, мамлекетибиздин тынчтыгын, ооруп жаткандардын сакайып кетүүсү үчүн курмандык чалып, түлөө өткөрдү

Бүгүн, 10-июлда Бишкектеги Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына жана андан каза болгон бейтаптардын арбагына багышталып Куран окулуп, түлөө өткөрдү.  Элибиздин ар кандай апаат кырсыктан, пандемиядан оолак …

Дальше »

Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы “Куран жаттоо колледжинин” имараты обсервация катары пайдаланууга берилет

Ош шарынын чок ортосунда жайгашкан. 100 орундуу, ичинде бүт шарты бар Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы “Куран жаттоо колледжинин” имаратын пандемиядан улам элге убактылуу обсервация катары пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев КР ДИМКнын ыраазычылык каты менен сыйланды

Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) директору Зайырбек Эргешов Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевди, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епискобу Даниилди жана “Адеп Башаты” …

Дальше »

АКнын мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, КМДБнын Аппарат жетекчиси Садибакас ажы Доолов төш белги жана “Ардак грамота” менен сыйланышты

Бүгүн, 18-июнда Бишкекте Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кыргызстандагы COVID-19 илдетинен улам өлкө аймагында өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда карапайым калкка, мамлекетке көмөк көрсөтүп, кайрымдуулук иштерин жүргүзгөн демөөрчүлөргө бир катар сыйыктарды тапшырды. Сыйлык Кыргызстан …

Дальше »

Жалал-Абад облусунда 96 үй-бүлөгө 142 000 сомдук ооз ачыруу баштыктары таратылды

Бүгүн, 8-май күнү Жалал-Абад облустук казыяты “Исар”  кайрымдуулук фонду менен биргеликте Жалал-Абад шаары, Сузак жана Базар-Коргон райондорунун  аймагында жашаган 96 жетим балага ооз ачаар баштыкчаларын таратты. Бир баштыктын ар бири 1470 сомду түзүп, анда күнүмдүк …

Дальше »

Кара-Суу районунда имамдардын демилгеси менен 1030 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 1500000 сомдон ашуун азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн жана Сарай айылдык аймактарында имамдардын демилгелери менен аз камсыз болгон 1030 үй-бүлөлөргө 1500000 сомдон ашуун кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү. Анда Шарк айылдык аймагында 6 имамдын демилгеси менен 707000 сом, Кызыл-Кыштак …

Дальше »

Ак-Талаа районунда Ак-Талаа мечитинде 20 ийне жалбырактуу көчөт отургузулду

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда баш имам жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ак-Талаа мечитинде 20 даана ийне жалбырактуу көчөт отургузулду. Бул тууралуу Ак-Талаа районун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди. Анын атымында, Ислам дини да табиятка …

Дальше »

КМДБнын Россиядагы өкүлчүлүгү мекенине кете албай жаткан Москвадагы мекендештерге ысык тамак уюштурду

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиев Москва шаарында мекенине кете албай жаткан мекендештерден кабар алып, аларга ысык тамак уюштурду. Жалпы 120 кыргызстандык мекендештердин ар бирине бирден порс ысык тамак таратылды. Алар менен …

Дальше »