Таалайбек ажы Акунов Тоң райондук курулуш жана архитектура башкармалыгын зыярат кылып, диний объектилерди каттоо боюнча пикир алышты

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов райондук курулуш жана архитектура башкармалыгынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда район аймагындагы жаңы курулган жана учурда курулуш иштери жүрүп жаткан мечиттер, ошондой эле эсептик каттоодон өтө элек …

Дальше »

Чойбек ажы Исакунов: «Улуттук дөөлөттөрүбүздү сактоого тийишпиз»

Балыкчы шаарында Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу алкагында маданий иш-чара болуп өттү. Саамалыкка Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, Баткен жана Афган согуштарынын ардагерлери, мектеп администрациясы жана …

Дальше »

Ош шаарындагы диний борборлордун мугалимдерине эки күндүк окуу семинары уюштурулду

Ош шаарындагы «Sun Rise» мейманканасынын жыйындар залында шаардагы аялдардын диний окуу борборлорунун мугалимдери үчүн ден соолук боюнча эки күндүк окуу семинары уюштурулду. Окуу семинарына Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Гүлназ …

Дальше »

Ош шаарынын борбордук аянтында Азирети Муфтий башында турган дин аалымдары Баткен окуясында курман болгондорго арнап Куран окуп, дуба кылышты

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган дин кызматкерлери Баткен окуясында каза болгон мекендештердин рухуна Ош шаарынын борбордук аянтында Куран окуп, дуба кылышты. Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары …

Дальше »

АЗИРЕТИ МУФТИЙ: «ООР КЕЗЕҢДЕ КЫЗЫЛ ТУУНУН АЛДЫНДА БИР МУШТУМДАЙ БИРИККЕН ЭЛДИ ЖЕҢҮҮ МҮМКҮН ЭМЕС!»

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ардактуу калайык-журт! Ата Мекенибизди коргоп, шейит кеткен мекендештерибизди жоктоп, бүгүн биз аза күтүп, кан жутуп турабыз! Куттуу өлкөбүздүн чек арасын коргогон элибизге жана мекен сакчыларыбыздын эр жүрөктүк, тайманбастыгына  жана каармандыгына миң …

Дальше »

КМДБ жетекчилиги Баткен облусуна жөнөп кетти

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев баштаган Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын кызматкерлери Баткен облусуна жөнөп кетти. Алар куралдуу кол салууда жабыр тарткан элдин абалын сурап,  Мекенди коргоодо шейит кеткен жоокерлер үчүн дуба кылып, Дин Башкармалыгынын жардамын …

Дальше »

Ысык-Көл облусунан Баткенге 7 фура гуманитардык жардам жиберилди

Ысык-Көл облусунун тургундары Баткенге жалпы 7 фура болгон гуманитардык жардам жөнөттү. Балыкчы шаарынан жөнөп кеткен жардамды  КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов, мэрия аппараты, мекеме …

Дальше »

Ысык-Ата районунун тургундары Баткенге азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана акча каражат жөнөттү

Ысык-Ата райондук хатибияты райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жардам көрсөтүү үчүн ачылган штабда азык-түлүк, кийим-кече, дары-дармек жана акча каражатын топтоп, Баткен облусуна жиберишти. Алсак, Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн тургундары бир фура гуманитардык …

Дальше »

Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Кыргыз мамлекетине дуба кылды

Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таган уулу Кыргыз өлкөсүнө тынчтык тилеп дуба кылды.  Боордош казак элинин Азирети Муфтийи кандуу окуя тез арада токтоп, ааламда согуш болбой, түрдүү балээ-кырсыктан оолак кылышын Жараткандан сурап тилек кылган. …

Дальше »

Ошто Баткенден эвакуацияланган 60 жаран жайгаштырылып, дагы 380 кишиге орун даярдалды

Ош облусунда Баткен облусундагы кырдаалга байланыштуу эвакуацияланган жарандарды кабыл алуу уланууда. Учурда Сулайман-Тоо мечитине 20, «Бакалбай ата» мечитине 20, «Умар» мечитине 21 адам жайгаштырылды.   Ошондой эле Ош облусундагы «Абдыжапар» ислам институту, «Абдурахман ибн Ауф», …

Дальше »

Республика боюнча Баткен окуясынан жабыр тарткандарга жардам чогултуу пункттарынын даректери

Өлкө аймагында Баткен окуясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штабдын алдында ачылган төмөнкү даректердеги пункттарда жардамдар чогултулууда. Бишкек шаары Борбордук мечит, Гоголь көчөсү 53, (байланыш үчүн: 0702854231); 7-апрель мекен шейиттери, 7-микрорайон, 16Б/3, (байланыш үчүн: 0707574472); …

Дальше »

Муфтият Баткен окуясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түздү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №253 буйругу менен Баткен облусунда болуп жаткан окуялардан жабыркаган мекендештерибизге жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Ыкчам штабга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жетекчилиги жана өлкө аймагындагы казылар киришип, …

Дальше »