КИУнун Ош шаарындагы Куран жаттатуу борборунун 9 студент аяктады

Кыргызстан Ислам университетинин Ош шаарындагы Куран жаттатуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө Куранды толук жаттаганын тастыктоочу дипломдор тапшырылса, мектеп жетекчилиги тарабынан орто мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн аттестаттар берилди. Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков 1907-жылы курулган «Хазирети-Хызыр» мечитин зыярат кылып, жергиликтүү тургундар менен жолукту

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков шаардагы «Хазирети Хызыр» мечитинин курулушу менен таанышып,  эски имаратты музей катары калтыруу керектигин билдирди. Муну менен катар облус казысы жергиликтүү жамаат менен жолугушуп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу санитардык …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев “Хидаят” экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык борборунун директору Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту

Бүгүн, 18-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Бириккен Араб Эмираттарындагы “Хидаят” экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык борборунун директору,  доктор  Али Рашид Аль-Нуайми менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда КМДБ менен “Хидаят” …

Дальше »

Чүй облусундагы дин кызматкерлери кезектеги көчмө жыйынын өткөрүшүп, отчётторун тапшырышты

Чүй облусундагы дин кызматкерлери кезектеги көчмө жыйынын өткөрүшүп, отчётторун тапшырышты. Отчёттук жыйын облус казысы Руслан ажы Жумагуловдун тапшырмасынын алкагында өттү. Аймактагы имамдар мамлекеттик каттоодон өтө элек мечиттердин каттоосун тездетүү, санитарлык талаптарды так сактоо, ишембиликтерди өткөрүү …

Дальше »

Ажек айылынын тургуну атасына аш берүүнүн ордуна 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында Куран конкурсун уюштурду

Ала-Бука районунун Ажек айылынын тургуну Манап Садыков маркум атасы Абдукаар Садыковго аш берүүнүн ордуна 5 жаштан 16 жашка чейинки балдар арасында Куран конкурсун уюштуруп, ага  Көк-Таш, Көк-Серек, 1-май, Сумсар, Шакафтар айылындагы жаштар катышты. Манап Садыков …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ёркинжан кары Фазиловдун көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Кыргызстан жана Өзбекстанга белгилүү дин аалымы Ёркинжан кары Фазиловдун көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана санаалаш досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтат. «Ёркинжан кары Фазилов дин үчүн …

Дальше »

Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилип, аларга багышталып Куран окулду

Кечээ, Жалал-Абадда июнь окуясында курман болгондор эскерилип, аларга багышталып Куран окулду. Иш-чарага КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Апсатар Сыргабаев, Жалал-Абад областтык мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Сузак, Базар-Коргон районунун жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана июнь …

Дальше »

Ала-Бука райондук хатибияты Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы менен биргеликте райондогу 90 жетим балага кийим-кече жана азык-түлүктөрдү жардам катары тапшырды

Ала-Бука райондук хатибияты Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы менен биргеликте райондогу 90 жетим балага мектеп формаларын, кийим-кечелерди жана азык-түлүктөрдү тапшырышты. Райондун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевдин айтымында мындай жардам 1-июнь балдардын Эл аралык күнүнө карата …

Дальше »

Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

Кечээ, 15-июнда Ош шаарынын Туран кичи районунда жайгашкан «Умму Мухаммад» медресесинин бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземи болуп өттү. Дипломдорду тапшыруу салтанатына Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев катышып, бүтүрүүчүлөргө кеп-кеңешин, акыл-насаатын айтып, иштерине ийгилик каалады.  …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Куран жаттаган кары жана Куран илими боюнча адис» дипломун Зияидин уулу Мухаммадалиге тапшырды

 Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев  «Куран жаттаган каары жана Куран илими боюнча адис» дипломун   Зияидин уулу Мухаммадалиге тапшырып, жетишкен ийгиликтери менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чарага Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдиманап кары Масалиев, Азирети …

Дальше »

Кара-Сууда коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча жыйын өтүп, ага дин кызматкерлери катышты

Ош облусунун Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров Кара-Суу райондук администрациясында  коронавирус инфекциясынын алдын алуу боюнча уюштурулган жыйынга катышты. Жыйынга  Кара-Суу районунун акими  Турусбек Ногоев, акимдин биринчи орун басары Капарбек Адиев, Кара-Суу районундагы саламаттыкты …

Дальше »

Самидин кары Атабаев: Бүгүнкү доордо билимди алып, эптеп эле бир ишке кирип жан багуу адатка айланып баратат

 Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Өзгөн районундагы Эл аралык Өзгөн техникалык жана билим берүү институтундагы   студенттерге  илим алуунун маанилүүлүгү,  диний экстремизм жана терроризмди алдын алуу, улут аралык ынтымак, Ислам дининдеги адеп-ахлак темаларында кеп-кеңештерин …

Дальше »