Жалал-Абад шаарындагы Аз-Захра медресесинин жыл мыктылары сыйланды

2020-2021-окуу жылына карата Жалал-Абад шаарындагы Аз-Захра медресеси ийгиликтүү жыйынтыктап, окууда мыкты жетишкендерге жана коомдук иштерге активдүү катышкандарга Ардак грамота жана сертификаттар тапшырылды. Жыйынтыктоо учурунда мыкты мугалимдерге, окуучуларга Алкыш баракчалар тапшырылса, өзүнүн мыктылыгын, өзгөчөлүгүн көрсөткөндөргө “Жылдын …

Дальше »

Сөгөт айылынын имамы Бакыт Мырзабаевге ыраазычылык кат тапшырылды

Талас облусунун Манас районунун  баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев Сөгөт айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эл арасындагы ынтымак, биримдик, ырашкерлик, адеп-ахлак жана улууларга, ата – энеге болгон урмат-сый жөнүндө баяндамасын жасады. Ошондой эле …

Дальше »

Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов балдар күнүнө карата белектерди таратты

Кечээ, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош облусуна караштуу Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алып, оюнчуктарды, окуу сумкаларын, таттууларды жана башка белектерди берип …

Дальше »

Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев «Ардактуу атуулу» намына ээ болду

Талас облусунун Үч – Коргон айылынын ардактуу тургуну, Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев көп жылдык  мугалимдик кесипти аркалоо менен  өсүп келе жаткан келечек муундарды тарбиялоодо   эмгек менен  кызматты  айкалыштырып, үч – Коргон …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Кара-Балта шаарындагы «Хазрети Осмон» атындагы Ислам институтунун окуучулары менен жолугушуп, аларга сабак өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Кара-Балта шаарындагы «Хазрети Осмон» атындагы Ислам институтунун окуучулары менен жолугушуп, аларга сабак өттү. Сабакка  «Хазрети Осмон» Ислам институтунун мугалимдери катышып, окуучулар Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучуга өздөрүнүн кызыккан суроолорун беришти. «Урматтуу билим ээлери! Билим алуу ийне менен кудук казгандай. …

Дальше »

«Көлмө» медресесинде дин кызматкерлери билим деңгээлин жогорулатышып, атайын сертификаттарга ээ болушту

Кечээ, 1-июнда диний окуу жайларын бүтүргөн дин кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган окуу курсун бүтүргөн катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды. Иш-чара Бишкек шаарындагы “Көлмө” медресесинде уланып, ага “Көлмө” медресесинин мүдүрү Ырысбай Ахунбаев, “Альхамд Евразия Шария Эдвайзери Сервисис” ААКнын директорунун милдетин аткаруучу Акжигит ажы Кокоев, КМДБнын фатва бөлүмүнүн …

Дальше »

Ыйык Каабанын үстүнө жабылган материалдын бир кесими имам Сарахси атындагы башкы мечитке белекке берилди

Бүгүн, 1-июнь күнү имам Сарахси атындагы башкы мечитте Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Ахмед Садык Доган, элчинин дин иштери боюнча кеңешчиси Нурсел Өзтүрк, ЖК депутаттары Айбек Осмонов, …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.   Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху! Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер! Балдарыбыздын тарбиясы, аларды илимге-билимге кызыктыруу, мекенчилдик …

Дальше »

Кара-Сууда жардамга муктаж 223 жаранга 223 000 сом берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген 223 жаранга 223 000 сомдук акчалай жардам берилди. Кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат Кара-Суу райондук хатибияты тарыбынан каржыланды. «Кара-Суу …

Дальше »

Борбордук «Имам аль Бухари Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмонов ОшМУнун студенттерине адеп-ахлак туурасында өз баяндамасын жасады

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган лекцияда борбордук «Имам аль Бухари Алай» мечитинин имамы Мырза кары Осмонов ОшМУнун студенттерине адеп-ахлак туурасында өз баяндамасын жасап, өзгөчө ата-энеге болгон урмат сый жөнүндө айтып өттү. «Карысы …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жайыл районунун борбордук мечитинин курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Чүй облусунун Жайыл районунун борбордук мечитинин курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты. Саамалыкка Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек …

Дальше »

Жоробай ажы Шергазыев Жайыл районундук психоневрологиялык стационардык мекемесинен кабар алып, күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттарды тапшырды

Бүгүн, 31-май күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу психоневрологиялык стационардык мекемесинен кабар алып, күнүмдүк турмушка керектелүүчү каражаттарды тапшырды. Мекеменин директору Темиркул Эралиев райондук психоневрологиялык стационар жалпысынан 250 жаранга ылайыкталып, 92 кызматкер эмгектенээрин билдирди. …

Дальше »