Бишкектин Ленин районунун имамдары район аймагындагы айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарындагы Ленин районунун мечит имамдары райондун аймагында жайгашкан аялдамаларды,  узак жолго чыгуучу таксилер токтоочу  жайларды кыдырып, айдоочуларды сактыкка  чакыруу менен  жолдо жүрүүдө жол эрежелерин сактоо жана жүргүнчүлөрдүн алдындагы жоопкерчиликти сезүү боюнча эскертүү иштерин жүргүзүштү.   Бул иш-чара …

Дальше »

Жети-Өгүздө Тилекмат айылынын жаштары жергиликтүү имамга «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү унааны белеке берди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айлынын жаштары жергиликтүү мечиттин имамына автоунаа белек кылышты. Аталган демилгени айыл тургундары көтөрүшүп, 21 жылдан бери имамчылык кылып келе жаткан Жолдошбек Өмүркановго ушундай таризде ыраазычылык билдирүүнү туура көрүшкөн. Ал …

Дальше »

Бишкек шаарынын имамдыра «Мухтасар-ул викоя» китебинин негизинде окуудан өтүшүүдө

Бишкек шаарынын Борбордук мечитинде дин кызматкерлерине жумасына бир ирет атайын сабактар уюштурулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев билдирди. Анын айтымында, биздин ата бабаларыбыз кылымдар бою окутуп, окуп келген «Мухтасар-ул викоя» …

Дальше »

Ленин районундагы мечиттерде жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

«Адам жаны аманат»  аталышында Бишкек шаарынын Ленин районундагы мечит имамдары райондун баш имам хатиби Сүйүн ажы Кулуевдин тапшырмасынын негизинде түшүндүрүү иштерин уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда райондун башкы имамынын орун басары Болот ажы Кулуев билдирди. Анын айтымында, …

Дальше »

Файзулла ажы Мурзалиев: Айдоочулар жол эрежелерин так сактаса сооп табат

Бишкек шаарындагы «Бакай Ата» мечитинин имам хатиби Файзулла ажы Мурзалиев мечиттин жамаатына кайрылып, унаа башкарууда өтө кылдат болууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда билдирди. Анын айтымында, негизинен сабактар Ханафи мазхабынын негиздери боюнча уланды. Анда унаа …

Дальше »

Таласта дин кызматкерлерине бир катар тапшырмалар берилди

Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Кум – Арык айылындагы “Али ибн Аби Толиб” атындагы медресесинин кеңсесинде кезектеги жыйын өттү. Жыйынга Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, анын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын иш башкармалыгынын …

Дальше »

Муфтияттын жыйындар залында ишкер айымдардын катышуусунда отурум болуп, сунуш-пикирлер айтылып, жумушчу топ түзүлдү

Бүгүн, 1-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында ишкер айымдардын катышуусунда отурум болуп  өттү. Ага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов жана КМДБнын бөлүм башчылары катышты. Отурумдун алкагында Азирети Муфтийдин орун басары аялзатынын …

Дальше »

КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен кыз-келиндер арасында сынак өттү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен кыз-келиндер  арасында атайын сынак өттү. Иш-чаранын башталышында КМДБнын Орусиядагы өкүлү билимди инсан күнүгө алып туруусу керектигин, илим аркылуу инсандын жан дүйнөсү агара тургандыгын билдирди. …

Дальше »

Дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотонов «Берешен» медалы менен сыйланды

Бүгүн, 1-декабрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев дин аалымы жана коомдук ишмер Өзүбек ажы Чотоновго «Берешен» медалын тапшыруу боюнча атайын буйрукка кол койду. Сыйлыкты Азирети Муфтий Муфтияттын эмгек жамаатынын катышуусунда Өзүбек ажыга тапшырды. …

Дальше »

Ак-Талаадагы мечиттин жылуулугу үчүн жеке ишкер 100 миң сом берди

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылындагы мечиттин жылытуу системасын коюуга жеке ишкер 100 миң сом каражатын бөлүп берди. Бул тууралуу Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Акылбек Эсеналиев билдирди. Анын айтымына караганда, Кара-Бүргөн айылынын мечитинде жылуулук …

Дальше »

«Адам жаны аманат»: Жол эрежесин сактоодо айдоочуларга түшүндүрүү иштери мечиттерден башталды

Бүгүн, 30-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы «Сыдык» мечитинде «Адам жаны аманат» иш-чарасынын алкагында жамаатка түшүндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда мечиттин имамы Мирбек ажы Абдурасулов билдирди. Анын айтымында, бир жума бою район боюнча айдоочуларга түшүндүрүү …

Дальше »

Бишкек шаарындагы «Жанбото Ата» мечитинин имамы памирлик кыргыздарга акчалай жана кийим-кече тапшырды

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкек шаарындагы «Жанбото Ата» мечитинин имам хатиби Камилжан ажы Муратовдун демилгеси менен алыскы Ооганстандын Памиринен Кыргызстанга көчүп келген үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү. Камилжан ажынын айтымында, жергиликтүү атын атагысы келбеген жаран кайрымдуулук жардамын көрсөтүүгө …

Дальше »