Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев Бишкек шаардык Борбордук мечитинин кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 12-август күнү Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев Бишек шаардык Борбордук мечиттин кызматкерлери менен алгачкы жыйынын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди. Анда негизинен мечиттин жалпы жамааты биргеликте ынтымак менен иш алып баруу, тазалыкты жана тартипти …

Дальше »

Ноокенде мечиттин имамы байбичесинин жылдыгына сарпталчу 15000 сомду ооруканага тапшырды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Тоскоол айылында жайгашкан  «Тоскоол ата» мечитинин имамы Курманбек дамбылда Акматалиев жергиликтүү эл үлгүлүү алчу ишти өзү баштап берди. Былтыр ушул маалда анын байбичеси дүйнө салган эле. Анын жылдыгына эл чакырып, …

Дальше »

Манас районунда жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Талас облусуна караштуу Манас районунда Бишкек шаарындагы демилгелүү жаштар тобунун демөөрчүлүгү менен  кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Анда 100 даана азык-түлүк баштыкчасы он айылга (Сөкөт, Кара – Арча, Арал, Пакровка эки тарап, Көк – Дөбө, Май, Кеңеш, …

Дальше »

КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев машыктыруучулар менен жолугушту

Кечээ, 9-августа Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенген машыктыруучулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда мекендештердин биримдигин, ынтымагын бекем сактоодо түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. «Москвада иштеген машыктыруучулар менен жолугушууда Ислам дининин асыл …

Дальше »

Кара-Суунун Фуркат айылынын жаштары үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна «Тез жардам» унаасын жана медициналык каражаттарды тапшырды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында  «Абдыжапар»  мечитинин имамы Абдусами кары Бекмуратов жана жаштардын демилгелери менен Фуркат айылында жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна «Тез жардам» унаасы менен медициналык каражаттарды тапшырды. Иш-чарага «Абдыжапар» мечитинин имамы Абдусами кары Бекмуратов, медицина …

Дальше »

Оргочор айылында маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча ысырапкерчиликти алдын алууда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылынын имамы Догдурбай Алыбаев жергиликтүү тургундарга маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алсак, элге көрүстөнгө эстелик тургузууга, союш сойуп, дасторкон жайып калың элди чакырууга …

Дальше »

Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы ФАПка 7 000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Жалал-Абад облусунey Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов Кызыл-Токой айылында кайрымдуулук үчүн чогулган акча каражаттын эсебинен жергиликтүү ФАПка медициналык жабдууларды тапшырды. Тактап айтканда, 5000 сомго ымыркайлардын салмагын өлчөй турган тараза жана 2000 сомго …

Дальше »

Жаңы дайындалган Бишкек шаарынын казысы Замир каары Ракиев казыяттын эмгек жамааты менен жолугушту

Бүгүн, 10-августта жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир каары Ракиев казыяттын жалпы эмгек жамааты менен жолугушту. Жолугушуу алгач маркум Бишкек шаарынын казысы Садриддин ажы Маджитовдун арбагына багышталып Куран окуу менен башталды. Андан соң шаар …

Дальше »

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кол койду. Азирети Муфтий Бишкек шаардык казыятынын жалпы эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса …

Дальше »

«Вечерний Бишкек» сайты Damla.nl. сайтына шилтеме берип жазган маалымат элди чагымчылдыкка үгүттөп, мусулмандарды басынтууга багытталган

Кечээ, 9-августта «Вечерний Бишкек» сайтына «Таблиги Жамаат». Коркунучтуу динби же саясий таасир куралыбы?-деген аталыштагы атайын чагымчылдыкка үгүттөгөн, мусулмандарды басынтууга жана аларды мамлекетке каршы багыттоо максатын көздөгөн  маалыматты Damla.nl. сайтына шилтеме берип жазды. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин …

Дальше »

Чолпон-Ата шаарынын баш имам хатиби жардамга муктаж үй-бүлөлөргө курмандыктын этин таратты

Чолпон-Ата шарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев жергиликтүү жаштар менен биргеликте Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “KINDERDORF” “Балдар айылын” зыярат кылып, кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. “Ыйык Курман Айтта шаардык жаштар тарабынан 2 бодо жана жеке өзүмдүн атыман 2 кой, …

Дальше »

Талас облусунда ардактуу эс алууда жүргөн дин кызматкерлерине курмандык чалынды

Курман айттын урматына Талас облустук казыяты кайрымдуу инсандар менен биргеликте Ислам динин асыл баалуулуктарын жайылтууда эбегейсиз салым кошкон дин кызматкерлери үчүн курмандык чалды. Айрымдары ардактуу эс алууда болгондуктан, союлган курмандыктын эти казыяттын кызматкерлери үйлөрүнө жеткирип …

Дальше »