Жалал-Абад облусунун казысы жаңы курулуп жаткан мечиттин курулушунан кабар алды

Жалал-Абад шаарынын Курорт аймагындагы резиденциянын жанына 3 кабаттуу заманбап мечит курулууда. Жалал-Абад облусунун мусулмандарын казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган дин кызматкерлери мечиттин курулушунан кабар алды. Нематулла ажы курулушту талапка жооп берерлик деңгээлде бүткөрүү жоопкерчилигине токтолду. …

Дальше »

Жалал-Абад шаарындагы мечиттердин кышка даярдыгы текшерилүүдө

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын Казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов шаар ичиндеги мечиттердин кышка даярдыгын текшерүүнү баштады. Текшерүүнүн алкагында мечиттердин жылуулугу жана тазалыгына басым жасалып, диний объектиге аяр мамиле …

Дальше »

Базар-Коргондо 200 жыл мурун курулган мечит жаңыланууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 1825-жылы курулган мечиттин ордуна жаңы заманбап мечит курулууда. Тарыхый мечит Базар-Коргон шаарынын Дамлажанов көчөсүндө жайгашкан болчу. Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жаңыланып курулуп жаткан мечиттин курулушунан жеринен  кабар алды. …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Базар-Коргон райондук хатибиятын зыярат кылды

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Базар-Коргон райондук хатибиятын зыярат кылып, райондук диний башкармалыктын аткарып жаткан иштери боюнча маалымат алды. Зыяраттын алкагында хатибият жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтсак, ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча …

Дальше »

Ноокенде зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ага район акиминин орун басары Зияда Юлдашева баштаган райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, райондук билим берүү бөлүмүнөн жетекчилер, жооптуу имам, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты. Жыйында …

Дальше »

Ала-Букада дин өкүлдөрү мектеп окуучулары менен жолугуп, пайдалуу маалыматтарды беришти

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун баш имам-хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев баштаган дин өкүлдөрү райондогу Ак-Там айыл өкмөтүнө караштуу Бекмамбетов орто мектебинде 7-класстан жогорку окуучуларга жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Ак-Там айыл өкмөтүнүн соц. адиси Назира Чотбаева, айылдык кеңештин төрагасы Абдырахим …

Дальше »

Медресе студенттерине жана мугалимдерине кышкы жууркандар берилди

Эл аралык «Smart Generation» (Смарт Дженерейшн) коомдук фонду Жалал-Абаддагы беш медресенин студенттерине жана мугалимдерине кышкы жамынчы жууркандарды тапшырды. Буга чейин облустук казыяттын жетекчилиги медреселерге кышкы сууктун камын көрүү максатында аталган фондго кат менен кайрылган. Мындан улам …

Дальше »

Эл аралык «Smart Generation» коомдук фонду Жалал-Абад казыятына көмүр берди

Жалал-Абад облусунда диний мекемелердин кышка карата даярдыгы кызуу жүрүп жатат. Анын алкагында Эл аралык «Smart Generation» (Смарт Дженерейшн) коомдук фонду тарабынан Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятына 5 тонна көмүр жардам иретинде тапшырылды. «Кара алтынды» аталган фонддун …

Дальше »

Ноокендеги имам-хатибдердин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, бир катар тапшырмалар берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун борбордук «Нур» мечитинде райондогу имамдардын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков баштаган хатибият аппараты, жооптуу имамдар жана жума мечиттеринин имамдары катышты. Райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек …

Дальше »

Базар-Коргондогу жаңы конушка маркум Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуштарынын бирине белгилүү дин аалымы, маркум Чубак ажы Жалиловдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу аталган айылга Чубак ажы атындагы мечит, медресенин курулушунун капсуласын салуу иш-чарасында айтылды. Аталган иш-чарага …

Дальше »

Жалал-Абад шаарындагы имамдарга жыйын өткөрүлүп, бир катар тапшырмалар берилди

Жалал-Абад шаарындагы имамдарга жыйын өткөрүлүп, бир катар тапшырмалар берилди Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына караштуу “Насиридин Ата” жума мечитинде калаадагы имамдарга жыйын өттү. Жыйынга Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Жалал-Абад шаарына жаңы дайындалган  баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов жана калаадагы дин …

Дальше »

Жалал-Абадда диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча 9 ай ичиндеги жетишкендиктер жана таңкыстыктар талкууланды

Бүгүн, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Садырбекович,  Жалал- Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик …

Дальше »