Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аким Каныбек Жумадылов, Чолпон-Ата шаарынын мэри Бердибек Иманбеков, райондун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев жана РИИБ, МУКК өкүлдөрүнүн катышуусунда Президент Садыр Жапаровдун «КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын …
Дальше »Ысык-Көл облусунун казыяты
Ысык-Көл облусунда уюштурулган «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары жыйынтыкталды
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары Ысык-Көл облусунда жыйынтыкталды. Саамалыктын жыйынтыгында облустук казыят ар бир райондон үчтөн имамды …
Дальше »«Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары Каракол шаарында уланып, ага Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын имамдары катышууда
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Билимдүү имам» аттуу эки күндүк окуу семинары Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында өттү. Иш-чаранын ачылышына президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым …
Дальше »Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Кызыл-Суу айылындагы имамдар жана айыл аксакалдары менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча маалымат берди
Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу Кызыл-Суу айылындагы имамдар жана айыл аксакалдары менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча маалымат берди. “Заманга жараша, шартка жараша сарамжалдуулукту, үнөмдү үйрөнгөнүбүз жакшы. Ашыкча чыгымдарга жол бербей эсеп-чот менен, баам-парасат менен, …
Дальше »Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, аймактагы диний абалдан кабар алып, бир катар тапшырмаларды берди
Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам-хатибдери менен жолугушуп, аймактагы диний абалдан кабар алып, бир катар тапшырмаларды берди. Облус казысы өзгөчө эл арасында ата-энени, мугалимдерди, улууларды сыйлоого, адептүүлүккө чакыруу менен бирге зынаа, …
Дальше »Асантур ажы Абдрахманов: Тарбияны үйдөн башташыбыз керек. Ал үчүн ата-эне үлгү болуусу зарыл
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплокюченка айылындагы М.Мамакеев атындагы мектеби райондук хатибият менен биргеликте «Жаштар- эртеңки келечегибиз» аталышында иш-чара уюштуруп, ага баш имам-хатиб Асантур ажы Абдрахманов катышты. Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда ыйман, адеп-ахлак, убакытты туура пайдалануу, арактын зыяндуулугу, …
Дальше »Чолпон-Ата шаардык хатибияты демөөрчүлөр менен биргеликте “Заман шамы” Куран жаттатуу медресесине 117 910 сомдук жардам көрсөттү
Чолпон-Ата шаардык хатибияты Бишкек шаарынындагы “Заман шамы” Куран жаттатуу медресесин зыярат кылып, аларга жардам көрсөттү. “Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнгөн жана аны башкаларга үйрөткөндөр” (Сахих Бухари, VI/108). Куран жаттоо Жараткандын берген чоң белеги. Силер мекенибиздин …
Дальше »Ысык-Көл облусу боюнча Куран жарышына катышуучулар тандалып алынды
Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында республикалык деңгээлде өтө турган “Куран жазы” жарышына катышуу үчүн Ысык-Көл облусунан 3 катышуучу тандалып алынды. “КМДБнын буйругунун негизинде Куран жарышынын жарым финалдык тандоо сынагы өткөрүлдү. Сынактын жыйынтыгында 3 катышуучубуз тандалып алынды. Тагыраак …
Дальше »Каракол шаарында жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды
Ысык-Көл облустук казыятында Каракол шаарындагы жардамга муктаж үй-бүлөгө Рамазан айына утурлай орозо баштыкчасы таратылды. Соопчулук иш-чарасы Каракол шаарынын тургуну, жеке ишкердин демөөрчүлүгү тарабынан ишке ашкан. Иш-чарада көп балалуу, жетим, жесир, муктаж үй-бүлөгө 100 000 сом …
Дальше »Тоң районунун Бөкөнбаев айылында боз үй үлгүсүндөгү жаңы мечит курулду
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Жоомарт Бөкөнбаев айылында боз үй үлгүсүндөгү жаңы мечиттин ачылышы болду. Мечит Азат Исакунов жана аталган айылдын тургундарынын демөөрчүлүгү менен салынып, пайдаланууга берилди. Жаңы мечит көчмөн элинин улуттук үйү болгон боз үйдүн …
Дальше »Каракол шаарындагы жардамга муктаж 25 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды
Берекелүү рамазан айында Каракол шаарынын хатиби Талант ажы Сабриков тарабынан уюштурулган кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Ысык-Көл облусунун мэри Эрмат Жумаев жана соодагерлер тарабынан жалпысынан Каракол шаарындагы жардамга муктаж 25 үй-бүлөгө 50 миң сомдук жардам көрсөтүлдү. …
Дальше »Караколдогу «Ислам таануу» окуу борборунда айымдарга окуу курсу уюштурулду
Каракол шаардык хатибиятынын алдындагы «Ислам таануу» окуу борборунда кыз-келиндер арасында окуу курсу уюштурулду. Эки айлык окуу курсуна 13 катышуучу “Муаллим сани” аттуу китептин негизинде Куран окуганды үйрөнүшүп, казыят тарабынан кыз-келиндерге сертификат тапшырылды. Казыяттын үгүт-насаат жана …
Дальше »