Кара-Суу райондук хатибияты 50 үй-бүлөгө 150 миң сом акчалай жардамды садака-фитирдин эсебинен таратып берди

Кара-Суу районундагы “Исмаил ата”  борбордук мечитинде  районго караштуу жардамга муктаж 50 үй-бүлөгө   150 миң сом  2022-жылы топтолгон садака-фитирдин эсебинен таратылып берилди. Кайрымдуулук иш-чарасы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурулган. “Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын тапшырмасы …

Дальше »

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте «Биримдик жана ынтымак — бакубатуулук» аталышындагы жыйын өткөрдү

Ош шаардык мусулмандар казыяты шаардык мэрия менен биргеликте «Биримдик жана ынтымак — бакубатуулук» аталышындагы жыйын өткөрүп, анын алкагында бир канча темалар боюнча баяндамалар жасалды Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев «Үй-бүлө баалуулуктарын …

Дальше »

Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров Куршаб айылынын тургундары менен жолукту

Бүгүн, 22-июль күнү Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров пландаштырылган графиктин негизинде Куршаб айылдык аймагындагы борбордук мечитте жергиликтүү тургундар менен жолукту. Эл менен болгон жолугушууда  Акжол ажы Бакиров ислам динин баалуулуктары жана президенттин маркумду …

Дальше »

Өзгөндүн Шоро-Башат айылында Куран илимин үйрөнүп жаткан жаштарга белектер берилди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылындагы Гулистан мечитинде мектептен сырткаркы убакта Куран илимин үйрөнүп жаткан жаштардын алдыңкыларына жергиликтүү демөөрчү тарабынан белектер берилди. Иш-чарага мечит имамы Азимбай ажы Айматов, Гулистан мечитинин жамааты жана Куран илимин …

Дальше »

Ошто конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 20-июль күнү Ош шаарындагы «Классик» мейманканасында Ош облусу жана Ош шаары боюнча Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош …

Дальше »

Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборун 76 студент аяктаса, 18 студент Куранды толук жаттаган

Кечээ, 19-июль күнү Ош шаарындагы «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар  тапшырылды. Окуу борборду 76 студент аяктап, алардын ичинен 18 студент  Куранды толук жаттаса, 34 студент  Куранды толук окуганды өздөштүрүштү. «Окуу …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы шаардагы эскилиги жетип, учурда жаңыланып жаткан “Азирети Аюб” мечитинин курулушу менен жеринде таанышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков  Жалал-Абад шаарындагы эскилиги жетип, учурда жергиликтүү демөөрчүлөр жана “Ас-Санабил” фонду тарабынан жаңыланып жаткан “Азирети Аюб” мечитинин курулушу менен жеринде таанышты. Мечит 1991-жылы курулуп, 2000 кишиге ылайыкташкан. Учурда шаардын …

Дальше »

Азирети муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев Ош шаарына иш сапары менен барып, шаардык казыяттын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин  орун басары Самидин кары Атабаев Ош шаарына иш сапары менен барып, шаардык казыяттын  ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Азирети Муфтийдин орун басары казыяттын  жылдык иш планынын аткарылышын текшерип, диний абал боюнча шаар …

Дальше »

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Покровка айылында курулуп жаткан хатибияттын жана мечиттин курулуш иштеринен кабар алды

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Манас районуна иш сапары менен барып, Покровка айылында курулуп жаткан хатибияттын жана мечиттин курулуш иштеринен кабар алды. Райондун баш имам-хатиби Миржалжал ажы Дадабаев хатибияттын курулушу боюнча маалымат берип, кызматкерлер …

Дальше »

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура жана Манас районунун имамдары менен жолугушуп, алардын отчётторун укту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура жана Манас  районунун имамдары менен жолугушту.  Аймактагы дин кызматкерлери менен болгон жолугушууда облус казысы мечиттердин документ иштеринин бүткөрүлүүсү, фатва,  буйруктардын аткарылышы жана экстремизмдин  алдын алуу маселеси боюнча …

Дальше »

Бишкектеги борбордук мечитте аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бишкек шаарындагы борбордук мечитте аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен азык-түлүк таратылды. Шаар казысы кайрымдуулук иштери ыйык Рамазан айынан тарта уланып келе жаткандыгын айтып, муктаж үй-бүлөлөр үчүн чоң жардам экендигин билдирди. «Кайрымдуулук …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов каттоодон өтө элек мечиттердин имамдары менен жолугушуп, бир катар тапшырмаларды берди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы  Маматов мамлекеттик эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин жооптуу имамдары менен жолугушуп,  каттоо иштерин бүткөрүү тапшырмасын берди. Шаар казысы мечиттерди каттоодон өткөрүүдө учурда жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын айтып, имамдарды жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.

Дальше »