Азербайжан Республикасынын Президенти Азирети Муфтийлерди кабыл алды

1-майда Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө жана байкоочу мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясын кабыл алды. Делегациянын курамында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтйи Абдулазиз кары Закиров, Өзбекстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Нуриддин ажы Халикназаров, Казакстан …

Дальше »

КР делегациясы Бакуда Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык диалог форумуна катышууда

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан “Тынчтык жана глобалдык коопсуздук үчүн диалог: кызматташтык жана өз ара байланыш” аттуу VI Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык диалог форумуна катышууда. Иш-чарага 100дөн ашуун …

Дальше »

Дастан ажы Мамаев: «Илим алууда мугалимдин орду чоң»

Бүгүн, 30-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Мамады Байымбетов атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, мугалимдерге жакшы мамиледе болууга чакырды. «Илим алууда мугалимдин орду чоң. Анткени ал окуп, жазганды …

Дальше »

Свердлов районунда ысырапкерчиликти жоюу боюнча жыйын өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын №21 муниципалдык аймактык башкармалыгында ысырапкерчиликти жоюу боюнча кезектеги жыйын болуп өттү. Жыйынга №21 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси Азамат Мудунов, Свердлов районунун баш-имам хатиби Уланбек кары Курманбаев жана квартал башчылар катышты. «Жыйында ысырапкерчилик боюнча да …

Дальше »

Чүйдө медреселер аралык футбол мелдеш болуп өттү

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ала-Тоо» медресеси, «Аль-Бушро» медресеси жана «Абу Ханифа» диний окуу жайлары ортосунда достукту, ден соолукту чыңдоо, студенттер ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында футбол боюнча турнир болуп, байгелүү орун алган командаларга баалуу белектер тапшырылды. …

Дальше »

Кара-Кулжада «Коопсуз бала өлкөбүздүн келечеги» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 29-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын алдында мектеп окуучуларына «Коопсуз бала өлкөбүздүн келечеги» аттуу иш-чара өткөрүлүп, анда райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев өз баяндамасын жасады. «Окуучулук кез – бул эң …

Дальше »

Бишкекте 100 үй-бүлөгө кайрымдуулук кылынды

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун Ак-Бата, Ак-Жар жана Нуркожо-Ата конушунда жеке демөөрчүлөр тарабынан аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө 160 миң сомдук азык-түлүк таратылды. Райондун баш имам-хатиби Уланбек кары Курманбаев кайрымдуу инсандарга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады. «Бул конуштарда ар кайсы аймактардан келген тургундар …

Дальше »

Тоңдун имамдарына жыйын болуп, белектер тапшырылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечитте райондун жалпы имамдарына кезектеги жыйын болуп өттү. Чогулушту райондун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов өтүп, жыл башынан бери аткарылган иштер, фитир-садаканын таратылышы, КМДБ, облус казыятынан берилген …

Дальше »

Чүй казыяты фитир-садакаларды 2-этабын таратты

Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты 2024-жылдагы жыйналган фитир-садакаларды муктаждарга, майыптар үйүнө жана балдар үйүнө таратууда. Атап айтканда, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Сокулуктагы «Реабилитациялоо борборундагы» 82 балага, «Кыргыз азиздер …

Дальше »

Кара-Кулжада имамдар жеке каражатына жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышын өткөрүштү

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүндөгү 12 мечит имамдары өздөрү акча чогултуп, жеке каражатына жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышын өткөрүштү. Саамалыкка райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев барып, катышуучуларга Куран окуунун пайдалары тууралуу …

Дальше »

Самидин кары Атабаев Аравандагы ажылык сапарына аттанган зыяратчыларга сабак өттү

Бүгүн, 29-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самидин кары Атабаев Ош облусуна караштуу Араван районундагы ажылык сапарга аттанган зыяратчыларга сабак өтүп, аларды ажылык учурунда тартипти сактоого чакырды. «Ажылык ибадатын аткарууда өзүнө жараша машакаты …

Дальше »

Лейлекте жана Сүлүктүдө ажылык сапарга барчулар үчүн сабак уюштурулду

Бүгүн, 29-апрелде Лейлек районунун Раззаков шаарындагы “Нур” мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев Баткен облусунун Лейлек районунан жана Сүлүктү шаарынан ажылык сапарына аттана турган жарандар менен жолугушуп, ажылыктын шарияттагы орду, ажылык …

Дальше »