Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев мечиттерде санитардык эрежелерди катуу көзөмөлгө алуу боюнча тапшырмаларды берди

Кечээ, 27-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас районунда жайгашкан Кырк – Казык айылында имамдардын ишмердүүлүгүн жеринен таанышуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынга казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын үгүт насаат жана окуу бөлүмүнүн …

Дальше »

Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев элди ынтымакка чакырды

Кечээ, 28-октябрда Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев 9 улуттун өкүлү жашаган Үч — Коргон айылынын эли менен жолугушту. Жолугушууда элди улуттар аралык ынтымакка, биримдикке жана мекенди сүйүүгө чакырды.   “Ынтымак …

Дальше »

Сауд Араб Падышалыгы «Коопсуз умра» механизмин иштеп чыкты

Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана Умра министрлиги умра ибадатын уюштурууда адамдардын коопсуздугуна, ден соолугуна кепилдик берген жол менен «Коопсуз умра» жана кызмат көрсөтүүнү көзөмөлдөө механизмин жарыялады. Бул туурасында “Эр-Рияд – Мубашер” маалымат агенттиги билдирди. Ага ылайык министрлик зыяратчылардын сапары учурунда коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жоокерлерге «Мекенди сүйүү — Ыймандан» деген темада өз баяндамасын жасады

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев калаадагы №703 аскер бөлүгүнө жаңы келген жоокерлер үчүн «Мекенди сүйүү- Ыймандан» деген темада өз баяндамасын жасады.  Иш-чара Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан уюштурулуп, анда Убайдулла ажы …

Дальше »

2 жаштагы Салиха кайрымдуу жарандардын колдоосуна муктаж

Урматтуу мусулман бир туугандар, агалар, эжелер жана карындаштар!   Пайгамбар (соллаллоху алайхи васаллам) айтты: «Курманын жарымын берип болсо да садака кылгыла». 2 жаштагы Мирзалиева  Салиха кандын рак оорусуна  чалдыгып, учурда чет өлкөдө дарыланууда. Каражатты издөөдө …

Дальше »

Бишкектин Борбордук мечитинин кызматкерлери диний билимин жогорулатуу максатында атайын окуудан өтүшүүдө

Кечээ, 26-октябрдан тартып Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиевдин тапшырмасынын негизинде Бишкек шаардык Борбордук мечиттин кызматкерлеринин диний билимин жогорулатуу максатында атайын окуудан өтүшүүдө. Окуу сабагы эзелтеден бери ата бабаларыбыз окуп келген «Мухтасар-ул викоя» китебинен башталды. «Эң …

Дальше »

Ноокен районундагы “Орозали калпа” мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Ноокен айыл аймагында жайгашкан «Орозали калпа» жума мечити капиталдык ремонттон өттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов билдирди.  Анын айтымында, мечиттин оңдоп-түзөө иштерине кеткен каражат …

Дальше »

Ысык-Көл облусунда диний кырдаал талкууга алынды

Кечээ, 26-октябрда Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Каракол шаарындагы облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан уюштурулган экстремизм менен терроризмдин  алдын алуу боюнча тегерек столго катышты. Ага облус …

Дальше »

Ош шаарындагы “Нур-Ислам” мечити жылуулук менен камсыздалды

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казыятына караштуу “Нур-Ислам” мечитинин имам хатиби Абдулазиз ажы Абдурахманов мечит кыш мезгилине даяр экенин билдирди. Анын айтымында, мечиттин ичи жылуу пол менен камсыздалып, көмүрдүн ордуна газ менен жылытууга өтүштү. “Биз …

Дальше »

Аялзатынын Исламдагы орду

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын. Аял дегенде сөздүн аталышынан эле туюнтулуп тургандай, аялдай турган, аярлай турган назик, алсыз, бирок асыл затты түшүнөбүз. Аялзаты табиятынан коргоого, колдоого муктаж экенин бир нече факторлор; биологиялык, физиологиялык, …

Дальше »

Үйлөнүүгө тыюу салынган аялдар

Факихтер (шарият аалымдарынын) колдонуусунда мындай аялдарды “ал-мухаррамат минан-ниса” – махрам, тактап айтканда, никеге алуу, үйлөнүү арам кылынган аялдар. Булар эки бөлүккө бөлүнөт. Биринчиси, тап-такыр, эч качан үйлөнүүгө мүмкүн болбогон аялдар. Экинчи бөлүгү убактылуу мөөнөткө чейин …

Дальше »

Илимдин артыкчылыгы

Азирети Алинин илиминин тереңдигин сыноо үчүн харижилерден он кишиден турган бир топ адамдар ага минтип суроо беришет: Илим жогору турабы, же байлыкпы? Анда Али (Аллах Таала андан ыраазы болсун) минтип жооп берет: Илим байлык малдан …

Дальше »