Диний сезимдерди жана символдорду айыптоо боюнча КМДБнын жана Орус православдык чиркөөсүнүн расмий пикири

Бүгүн, 31-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммедге (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) акаарат келтирип, басмырлап маалымат тараткандарга өзүнүн расмий позициясын билдирип, маалымат жыйынын өткөрүштү. Ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, …

Дальше »

Бөкөнбаев айылында жаңы медресенин пайдубалы түптөлдү

Ысык-Көл облусунун  Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында жаңы медресенин курулушу башталды. Ал  айылдагы  борбордук мечиттин аймагында жайгашып, жергиликтүү тургундун  демилгеси менен демөөрчүлүгү алдында салынып  жатат. Аталган аймактын баш имам хатиби Таалай ажы Акуновдун   маалыматы ылайык, …

Дальше »

Чүй облусундагы мечиттерде Пайгамбарыбыздын Исламдагы орду жана ага болгон сүйүү турасында жума баяндамалар жасалды

Бүгүн, 30-октябрда Чүй облусунун бардык мечитинде динибиздеги маанилүү айлардын бири Рабиул-Аввал айынын кирип келгендигине байланыштуу сүйүктүү Пайгамбарыбыздын   динибиздеги орду жана ага болгон сүйүү туурасында жума баяндамалар жасалды. Аталган баяндаманы жасоо боюнча Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан тапшырма берилген. Аалымдарыбыз …

Дальше »

Акыркы элчини таануунун зарылдыгы

Бүткүл ааламдын жаратуучусу болгон Алла Таалага мактоолорду айтып, анын акыркы элчиси жана сүйүктүү пайгамбары болгон Мухаммадга (саллаллоху алейхи ва саллам)Алла Тааладан дуба тилеп, салават жолдоо менен сөзүбүздү баштайбыз. Албетте, Ислам дини жер бетинде калыптангандан тарта, …

Дальше »

Эл ичине бүлгүн салуу — мусулмандын иши эмес

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллах Тааланын аты менен баштаймын. Аллах Таалага эсепсиз мактоолорду айтып, пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага салам-салават жолдоймун.Урматтуу мусулман бир тууганым!Динибиздин аты айтып тургандай, Ислам – бул, тынчтыктын дини. Ислам дининде пенденин моюнуна жүктөлгөн ибадаттардын …

Дальше »

Эртең, ыйык жума күнү өлкөнүн бардык мечиттеринде пайгамбарыбыздын (ﷺ) Исламдагы орду жана ага болгон сүйүү туурасында баяндамалар жасалат

Урматтуу ага-инилер, эже-карындаштар! Раби-ул-Аввал айы Исламдагы эң маанилүү айлардын бири. Бул айда дүйнө жүзүнө мээрим болуп жиберилген сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) жарык дүйнөгө келген. Алла Таала айтат: «Биз сени (Мухаммедди) ааламдарга жакшылык …

Дальше »

Ала-Бука районундагы «Мухаммад Захид» мечити кышка толугу менен даяр

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун борбордук «Мухаммад Захид» мечити кышка толугу менен  даяр. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы  Чыналиев  билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү жамааттын көмөгү менен мечиттин ичине жылуу пол төшөлүп, дааратканасына …

Дальше »

Азирети Муфтий: Анын жөнөкөйлүгү бүтүндөй ааламга үлгү болуп, чынчылдыгы жалганчыларды дагы тообо кылдырган

Кечээ, 28-октябрда Бишкек шаарындагы имам Сарахси мечитинде   сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (САВ) урматына карата Мавлид иш-чарасы өттү. Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчисинин Дин иштери боюнча кеңешчиси  Мүрсел Өзтүрк жана мечит жамааты катышты. …

Дальше »

Аксы районундагы «Ак-Дөбө” мечитинин арыгы калыбына келип, имамдарга электр жылыткычтары таратылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Дөбө айыл аймагында  жайгашкан “Ак-Дөбө”  мечитинин айланасындагы арыктар калыбына келди. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Аксы районунун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков билдирди. Анын айтымында, арыкты оңдоп-түзөөгө жергиликтүү жамаат тарабынан 30 миң …

Дальше »

Талас облусунун казынын орун басары Касым ажы Сыдыков баш имам хатибдердин отчётторун кабыл алды

Бүгүн, 28-октябрда Талас облусунун Талас районундагы Кум – Арык айылындагы “Али ибн Аби Толиб” атындагы медресесинде дин кызматкерлеринин катышуусунда кезектеги жыйын болду.   Ага Талас облусунун казынын орун басары Касым ажы Сыдыков,  казыяттын иш башкармалыгынын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев жана райондордун …

Дальше »

Ош шаарындагы жоокерлерге суицидди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 28-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов №36806 аскер бөлүмүнүн жоокерлери үчүн “Суициддин алдын алуу” деген темада өз баяндамасын жасады. Иш-чара Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан уюштурулуп, анда Мирланбек ажы жоокерлерге …

Дальше »

Таш-Көмүр шаарында жума намазы санитардык талаптарды сактоо менен окулат

Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын баш имам хатиби Мураталы ажы Мансуров Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахматилла мырза Алпаязов менен жолугуп, өлкөдөгү анын ичинде аталган шаардагы эпидемиологиялык абал тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда жума намазын окуу же …

Дальше »