Жалал-Абад казыяты аз камсыз болгон 80 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчасын таратты

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын демилгеси менен кайрымдуулук багытында 80 баштыкча даярдалып, муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Иш-чарага облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган облустук казыят жамааты катышып, саамалыкта ун, өсүмдүк май, макарон, картөшкө салынган 3 200 сомдук …

Дальше »

“Бөкөнбаев” мечитинде элдин колдоосу менен курулуш иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “Бөкөнбаев” мечитинде курулуш иштери жүрүп, диний объектинин дааратканасы, душу, ысык-муздак суусу бүткөрүлүүдө. Курулушту каржылаган жергиликтүү жамаат экенин айткан Таалайбек ажы Акунов буларга токтолду: “Элдин күчү менен мечитибизде курулуш кызуу жүрүүдө. Мечиттин …

Дальше »

Кызыл-Кыядагы медресе студенттери арасында Куран жарышы өтүп, жеңүүчүгө умрага жолдомо берилди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругун ишке ашыруу максатында Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан шаар аймагындагы медресе студенттери арасында толук 30 пара жаттоо боюнча жарыш өткөрүлдү. Аталган жарыш Рамазан айы – Куран айы экенин …

Дальше »

Алай райондук хатибияты Гүлчө айылынын тургундарына ооз ачыруу уюштурду

Алай райондук хатибиятынын кызматкерлери Гүлчө айылынын тургундарына, мечит жамаатына ооз ачырып, бата алышты. Ага райондун баш имам-хатибинин м.а. Тиллабай ажы Кадыров катышып, келген конокторго орозонун өзгөчөлүктөрү, ооз ачыруунун сооптору менен биргеликте ысырапкерчиликке жол бербөө тууралуу баяндама жасады. «Бул ай — тынчтыктын, берекенин, …

Дальше »

Базар-Коргондо хатибияттын демилгеси менен «Рамазанда кайрымдуу бол» аттуу акция уюштурулду

Базар-Коргон районунун борбордук “Ак-Тайлак ата” мечитинде райондук хатибияттын демилгеси менен аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчасы таратылды. Иш-чарага облустук мусулмандар казыятынын өкүлү Алмазбек ажы Умарбеков, Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Абдулазиз кары Закиров катышып, кайрымдуулукка кайдыгер карабаган …

Дальше »

Кара-Сууда эки тонна курма таратылды

Кечээ, 3-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Исмаил Ата» борбордук мечитинде райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен «Курма менен ооз ачыңыз» аттуу акция уюштурулуп, таравих намазына келген жарандарга, жолоочуларга жана жүргүнчүлөргө ооз ачуу үчүн 800 …

Дальше »

Араван районунда Рамазанга карата кайрымдуулук баштыкчалары таратылды

Кечээ, 3-апрель күнү Ош облусунун Араван районунда райондук хатибияттын жана “Араван-Хадия” фондунун демилгеси менен 35 аз камсыз болго ар бир үй-бүлөгө 2 500 сомдук Рамазан баштыктары таркатылды. Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 87 500 сомду түзгөнүн, бул …

Дальше »

“Апиза эне” ислам институтунда “Умра ибаадаты тууралуу маалымат” аттуу китептин бет ачары болуп өттү

Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунда “Умра ибаадаты тууралуу маалымат” аттуу китептин ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев, аталган окуу жайдын ректору Абдирашит ажы Батыров, мугалимдер жана студенттер катышты. Иш-чара Куран окуу менен башталды. Андан соң облус  казысы …

Дальше »

Ноокенде аз камсыз болгон 120 үй-бүлөгө Рамазан баштыгы таратылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз болгон 120 үй-бүлөгө ун, май, макарон сыяктуу керектүү азык-түлүктөр салынган Рамазан баштыкчалары таратылды. Жалпысынан 360 миң сомдук  баштыкча таратылган кайрымдуулук иш-чарасын Ноокен райондук хатибиятына караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн жооптуу имамынын орун басары …

Дальше »

Абдил-Азиз ажы Чыныбеков: «Рамазан – сооптун сезону»

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук районунун баш имам-хатиби Икром ажы Ырысбаев менен биргеликте Сокулук районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборун зыярат кылышты. Зыярат учурунда Чүй облусунун казысы Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери …

Дальше »

Сулумбек ажы Узеналиев КР ДИМКнын Талас облусу боюнча өкүлү менен жолукту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Талас облусуна жаңы дайындалган өкүлү Темирлан Нурадилов менен жолугушту. Жолугушууда облус казысы Нурадилов Темирлан мырзаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын жумушу …

Дальше »

Ошто калк саламаттыгын сактоо маселелери боюнча талкуу өтүп, ага казы орун басары катышты

Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков жана шаардык клиникалардын …

Дальше »