Майлуу-Сууда дин кызматкерлеринин катышуусунда тегерек стол болуп өттү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №3 жана №7 мектептерде «Бактылуу үй-бүлө – өлкөнүн келечеги» аттуу темада тегерек стол уюштурулду. Ага аталган шаардын баш имам-хатиби Абдусатар Эркинбеков, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер катышты. …

Дальше »

«Ю.Гагарин» атындагы мектепте чек ара жаңжалдарында курман болгон Бекзодбек Юлдашев атындагы класс ачылды

Лейлек районунун «Ю.Гагарин» атындагы орто мектебинде чек арачы Бекзодбек Юлдашев атындагы класс ачылды. Иш-чарага Лейлек районунун баш имам-хатибинин орун басары Абдилашим Ормонов, райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Лейлек районунун аскер кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана мектеп …

Дальше »

Лейлектин баш имам-хатиби Калымкул молдону зыярат кылды

Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов Лейлек районунун илимдүү молдолорунун бири, 30 жылдан бери дин кызматын аркалап келе жаткан Калымкул ажы Калыкуловду (Сабыр молдо) зыярат кылды. Анын алкагында дин ишмердүүлүгү туурасында маектешип, өздүк китепканасы менен таанышты. …

Дальше »

Муса ажы Жолдошов: «Адамдарга көбүрөөк пайдасы тийген адам – жакшы адам»

Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов Баткен шаарындагы “Муьаз ибн Жабал” медресесинин студенттери менен жолугушуп, илим алуунун пазилеттери жана такыбалык темасында лекция өттү. «Кайсы адам жакшы адам деп суралганда, пайгамбарыбыз: “Адамдарга көбүрөөк пайдасы тийген …

Дальше »

Баткен районунда жеке ишкер тарабынан курулган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү

Баткен облусунун Баткен районунда жергиликтүү жеке ишкер тарабынан курулган мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземге Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, орун басары Муса ажы Жолдошов, казыяттын үгүт-насаат жана билим берүү адиси Саидакмат ажы Аппазов, Баткен районунун …

Дальше »

Кара-Булакта айыл тургунунун демилгеси менен Куран жарышы өткөрүлдү

Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак айылында жаштар арасында Куран окуу боюнча жарыш өттү. Айылдын жашоочусу Абдурашид ажы Орозбаев уюштурган сынакка облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров баштаган дин кызматкерлери жана тургундар катышып, Куран үйрөнүүнүн пайдалары тууралуу …

Дальше »

Ош шаарында алгачкы жолу диний окуу жайлар арасында «Спорт жана достук» аталышындагы мелдеш уюштурулду

Ош шаарында жайгашкан «Умму Мухаммад» медресеси алгачкы жолу түштүк жергесинде диний окуу жайлар жана мекемелер арасында волейбол менен кичи футболдон өткөрмө кубок уюштурду. Мелдеш Ош шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебининспорттук залында өтүп, ага 8 …

Дальше »

Таласта «Коомчулукта радикалдашууну жана эктремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштөөнун теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу семинар өткөрүлдү

Талас шаарында «Коомчулукта радикалдашууну жана эктремизмдин алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштөөнун теоретикалык жана практикалык негиздери» аттуу темада семинар болуп өттү. Экстремизм жана терроризмге каршы туруу максатында КР облустарындагы Үгүт бригадасынын жана коомдук алдын алуу …

Дальше »

Борбор калаадагы имамдарга жол коопсуздугу боюнча жыйын өтүп, бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди

Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов борбор калаадагы жалпы имамдарга жол коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Жыйынга Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаев жана  ЖККБ кызматкерлери катышты. Тилек …

Дальше »

Ош шаарында «Коркпо, «Токто», «Жаша» деген өнөктүктүн алкагында жолугушуу өттү

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Зордук-зомбулукту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” деген аталышта жолугушуу болуп, ага «Эрдем» мечитинин имам хатиби Мунарбек ажы Акматов катышып, темага байланыштуу баяндама жасады. «Ислам дини адам укуктарын коргогонду, үй-бүлө баалуулуктарын …

Дальше »

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы жума мечити 3 миллион сомго оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы жума мечити толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиевге курулуш иштерин жеринде тааныштырган имам-хатиб Мирбек Жолдошбеков буларга токтолду:   «Мечиттин Өзгөрүш айылына салынып калышына биздин мурдагы казы Таалайбек …

Дальше »

Кызыл-Кыяда “Азирети Айша эне» атындагы аялдардын окуу борбору ачылды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Азирети Айша эне» атындагы аялдардын окуу борборунун курулушу аяктап, ачылыш аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, …

Дальше »